Сүрө 7 Аараф

  1. إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ شَهْوَةً مِنْ دُونِ النِّسَاءِ ۚ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ مُسْرِفُونَ

    Чынында, силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумарланып келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул – арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди.

    7:81
  2. وَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَنْ قَالُوا أَخْرِجُوهُمْ مِنْ قَرْيَتِكُمْ ۖ إِنَّهُمْ أُنَاسٌ يَتَطَهَّرُونَ

    (Бузулуп бүткөн) коому ага: “Аларды (Лут жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар имиш!” – деген сөз менен гана жооп берди.

    7:82
  3. فَأَنْجَيْنَاهُ وَأَهْلَهُ إِلَّا امْرَأَتَهُ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ

    Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Ал (азапта) калуучулардан болду.

    7:83
  4. وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ مَطَرًا ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُجْرِمِينَ

    Анан Биз алардын үстүнө (жалындуу таштардан) жамгыр жаадырдык. Күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай болгонун карагын.

    7:84
  5. وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا ۗ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ قَدْ جَاءَتْكُمْ بَيِّنَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ فَأَوْفُوا الْكَيْلَ وَالْمِيزَانَ وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءَهُمْ وَلَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ بَعْدَ إِصْلَاحِهَا ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    Ошондой эле Биз Мадян элине өздөрүнүн туугандары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук тарткыла, адамдардын буюмдарынын баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы!

    7:85
  6. وَلَا تَقْعُدُوا بِكُلِّ صِرَاطٍ تُوعِدُونَ وَتَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ مَنْ آمَنَ بِهِ وَتَبْغُونَهَا عِوَجًا ۚ وَاذْكُرُوا إِذْ كُنْتُمْ قَلِيلًا فَكَثَّرَكُمْ ۖ وَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُفْسِدِينَ

    Ал (туура) жолду (өз каалооңорго ылайыктап бурмалап, ага ыйман келтирген адамдарды Аллахтын жолунан) тосуп, коркутуп, ар кайсы жолдордо отурбагыла! Эстегиле, силер аз сандуу элеңер. Аллах силерди (өлүм – житимден, кырылуудан сактап) көбөйттү, жана силер (тарыхка бир кылчайып карап) бузуку адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп алгыла!

    7:86
  7. وَإِنْ كَانَ طَائِفَةٌ مِنْكُمْ آمَنُوا بِالَّذِي أُرْسِلْتُ بِهِ وَطَائِفَةٌ لَمْ يُؤْمِنُوا فَاصْبِرُوا حَتَّىٰ يَحْكُمَ اللَّهُ بَيْنَنَا ۚ وَهُوَ خَيْرُ الْحَاكِمِينَ

    Эгерде, силердин араңардан бир тобуңар мага жиберилген динге ыйман келтирип, башка бир тобуңар ыйман келтирбесе, Аллах биздин арабызда Өз өкүмүн чыгарганга чейин сабыр кылып тургула. Ал – эң жакшы өкүм кылуучу.

    7:87
  8. قَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا مِنْ قَوْمِهِ لَنُخْرِجَنَّكَ يَا شُعَيْبُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَكَ مِنْ قَرْيَتِنَا أَوْ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَا ۚ قَالَ أَوَلَوْ كُنَّا كَارِهِينَ

    Шуайбдын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар айтышты: “О, Шуайб! Биз сени жана сени менен бирге болгон ыймандууларды шаарыбыздан (кууп) чыгарабыз же биздин динибизге кайтасыңар!” (Анда) Шуайб айтты: “Эгер биз (силердин таш-кудайларга сыйынууга чакырган диниңерди) жаман көрсөк делеби?!

    7:88
  9. قَدِ افْتَرَيْنَا عَلَى اللَّهِ كَذِبًا إِنْ عُدْنَا فِي مِلَّتِكُمْ بَعْدَ إِذْ نَجَّانَا اللَّهُ مِنْهَا ۚ وَمَا يَكُونُ لَنَا أَنْ نَعُودَ فِيهَا إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ رَبُّنَا ۚ وَسِعَ رَبُّنَا كُلَّ شَيْءٍ عِلْمًا ۚ عَلَى اللَّهِ تَوَكَّلْنَا ۚ رَبَّنَا افْتَحْ بَيْنَنَا وَبَيْنَ قَوْمِنَا بِالْحَقِّ وَأَنْتَ خَيْرُ الْفَاتِحِينَ

    Эгер биз, Аллах андан куткаргандан кийин, дагы эле силердин (жалган) диниңерге кайтчу болсок, Аллахка (“Анын шериги бар” деген) жалганды ойлоп тапкан болобуз го! (Жок!) Силердин диниңерге кайтуу бизге эч мүмкүн эмес! Бир гана Раббибиз – Аллах кааласа (ар нерсе мүмкүн). Анткени, Раббибиздин илими бардык нерсени камтып алган. Биз Аллахка таяндык! О, Раббибиз! Биз менен (каапыр) коомубуздун арасын акыйкаттык менен ачып (өкүм кылып) кой! Сен эң жакшы өкүм кылуучусуң!”

    7:89
  10. وَقَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَوْمِهِ لَئِنِ اتَّبَعْتُمْ شُعَيْبًا إِنَّكُمْ إِذًا لَخَاسِرُونَ

    Шуайбдын коомундагы каапыр адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”

    7:90
  11. فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ

    Аларга катуу жер титирөө болуп, баскан-турган жерлеринде жер менен жексен болушту!

    7:91
  12. الَّذِينَ كَذَّبُوا شُعَيْبًا كَأَنْ لَمْ يَغْنَوْا فِيهَا ۚ الَّذِينَ كَذَّبُوا شُعَيْبًا كَانُوا هُمُ الْخَاسِرِينَ

    Шуайбды “жалганчы” дегендер ал жерде жашабагандай (тып-тыйпыл) болуп калышты! Шуайбдын сөзүн жалганга чыгаргандар өздөрү зыян тартуучу болду!

    7:92
  13. فَتَوَلَّىٰ عَنْهُمْ وَقَالَ يَا قَوْمِ لَقَدْ أَبْلَغْتُكُمْ رِسَالَاتِ رَبِّي وَنَصَحْتُ لَكُمْ ۖ فَكَيْفَ آسَىٰ عَلَىٰ قَوْمٍ كَافِرِينَ

    (Кырылып бүткөн соң) Шуайб аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирдим жана насааттар кылдым (болбой койдуңар). Эми (силерге окшогон) каапыр коомго кантип кайгырмак элем” – деди.

    7:93
  14. وَمَا أَرْسَلْنَا فِي قَرْيَةٍ مِنْ نَبِيٍّ إِلَّا أَخَذْنَا أَهْلَهَا بِالْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ لَعَلَّهُمْ يَضَّرَّعُونَ

    Биз кайсы бир айыл-калаага пайгамбар жиберсек, анын элдерин тообо кылаар деп, муктаждык, оору-сыркоо менен эскертебиз.

    7:94
  15. ثُمَّ بَدَّلْنَا مَكَانَ السَّيِّئَةِ الْحَسَنَةَ حَتَّىٰ عَفَوْا وَقَالُوا قَدْ مَسَّ آبَاءَنَا الضَّرَّاءُ وَالسَّرَّاءُ فَأَخَذْنَاهُمْ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

    Кийин Биз жамандыкты жакшылык менен алмаштырдык. Алар (өздөрү, дүйнө-мүлктөрү) көбөйүп: “Ата-бабаларыбызды деле (ушул сыяктуу) каатчылык, оору-сыркоолор каптаган (бул – адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер)” - дешти. Анан Биз аларды эч нерсени сезбей (бейкапар) турган абалдарында капыстан (азап менен) кармадык!

    7:95
  16. وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَىٰ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَرَكَاتٍ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ وَلَٰكِنْ كَذَّبُوا فَأَخَذْنَاهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

    Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик).

    7:96
  17. أَفَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَىٰ أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا بَيَاتًا وَهُمْ نَائِمُونَ

    Айылдардын элдери, аларга Биздин азап (аларга) түндөсү, уктап жаткан кезде келүүсүнөн аман беле?

    7:97
  18. أَوَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَىٰ أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا ضُحًى وَهُمْ يَلْعَبُونَ

    Айылдардын элдери, аларга Биздин азап күндүзү, алар ойноп-жыргап жаткан кезде келүүсүнөн көңүлдөрү ток беле.

    7:98
  19. أَفَأَمِنُوا مَكْرَ اللَّهِ ۚ فَلَا يَأْمَنُ مَكْرَ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْخَاسِرُونَ

    Алар Аллахтын айлакерлигинен бейкапар беле? Аллахтын айлакерлигинен зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот.

    7:99
  20. أَوَلَمْ يَهْدِ لِلَّذِينَ يَرِثُونَ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِ أَهْلِهَا أَنْ لَوْ نَشَاءُ أَصَبْنَاهُمْ بِذُنُوبِهِمْ ۚ وَنَطْبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ

    Мекен-жерди (күнөөлөрү себептүү кыргынга учураган мурунку) ээлеринен мурас алган адамдарга, эгер Биз кааласак, аларды да күнөөлөрү себептүү кайгыга салып коюшубуз жана жүрөктөрүнө мөөр басып, тап-такыр укпай турган кылып коюшубуз малым эмес бекен?!

    7:100

Котормо: Шамсуддин Хакимов