Сүрө 7 Аараф

  1. وَقَاسَمَهُمَا إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ النَّاصِحِينَ

    Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” – деп экөөнө ант иче баштады.

    7:21
  2. فَدَلَّاهُمَا بِغُرُورٍ ۚ فَلَمَّا ذَاقَا الشَّجَرَةَ بَدَتْ لَهُمَا سَوْآتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِنْ وَرَقِ الْجَنَّةِ ۖ وَنَادَاهُمَا رَبُّهُمَا أَلَمْ أَنْهَكُمَا عَنْ تِلْكُمَا الشَّجَرَةِ وَأَقُلْ لَكُمَا إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمَا عَدُوٌّ مُبِينٌ

    Азгыруу менен ал экөөнү (таза жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” – дебедим беле?!”

    7:22
  3. قَالَا رَبَّنَا ظَلَمْنَا أَنْفُسَنَا وَإِنْ لَمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ

    Экөө (бушайман болуп): “О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” – дешти.

    7:23
  4. قَالَ اهْبِطُوا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ ۖ وَلَكُمْ فِي الْأَرْضِ مُسْتَقَرٌّ وَمَتَاعٌ إِلَىٰ حِينٍ

    (Аллах) айтты: “Бири-бириңерге (адамзат шайтанга, шайтан адамзатка) душман болгон абалда (бейиштен жерге) түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана (ажалыңар жеткен) мезгилге чейин пайдалануу бар.

    7:24
  5. قَالَ فِيهَا تَحْيَوْنَ وَفِيهَا تَمُوتُونَ وَمِنْهَا تُخْرَجُونَ

    (Аллах) айтты: “Ошол жерде жашайсыңар, ошол жерде өлөсүңөр жана (кыямат болгондо) ошондон кайра чыгарыласыңар.

    7:25
  6. يَا بَنِي آدَمَ قَدْ أَنْزَلْنَا عَلَيْكُمْ لِبَاسًا يُوَارِي سَوْآتِكُمْ وَرِيشًا ۖ وَلِبَاسُ التَّقْوَىٰ ذَٰلِكَ خَيْرٌ ۚ ذَٰلِكَ مِنْ آيَاتِ اللَّهِ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ

    О, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк. Бирок, такыба кийими, Бул – жакшы! Бул Аллахтын (артыкчылык) белгилеринен. Кана эми, түшүнүп калышса!

    7:26
  7. يَا بَنِي آدَمَ لَا يَفْتِنَنَّكُمُ الشَّيْطَانُ كَمَا أَخْرَجَ أَبَوَيْكُمْ مِنَ الْجَنَّةِ يَنْزِعُ عَنْهُمَا لِبَاسَهُمَا لِيُرِيَهُمَا سَوْآتِهِمَا ۗ إِنَّهُ يَرَاكُمْ هُوَ وَقَبِيلُهُ مِنْ حَيْثُ لَا تَرَوْنَهُمْ ۗ إِنَّا جَعَلْنَا الشَّيَاطِينَ أَوْلِيَاءَ لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ

    О, Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеңерди бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калуусу үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук.

    7:27
  8. وَإِذَا فَعَلُوا فَاحِشَةً قَالُوا وَجَدْنَا عَلَيْهَا آبَاءَنَا وَاللَّهُ أَمَرَنَا بِهَا ۗ قُلْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَأْمُرُ بِالْفَحْشَاءِ ۖ أَتَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

    Алар бузук (шариятта арам болгон) бир ишти жасаса: “Биз ата-бабаларыбызды ушул иштин үстүндө тапканбыз жана бул ишке бизди Аллах буюрган” – дешет. Айткын: “Аллах бузук иштерге буюрбайт. Өзүңөр билбеген нерселерди Аллахга жүктөп жатасыңарбы?!

    7:28
  9. قُلْ أَمَرَ رَبِّي بِالْقِسْطِ ۖ وَأَقِيمُوا وُجُوهَكُمْ عِنْدَ كُلِّ مَسْجِدٍ وَادْعُوهُ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ ۚ كَمَا بَدَأَكُمْ تَعُودُونَ

    Айткын: “Менин Раббим (ибадатта жана мамилелерде) адилеттик – ортолукка буюрду. Ар бир сажда (ибадат) кылган жерде жүзүңөрдү (кыбылага) түздөгүлө. Динди Аллах үчүн калыс кылып (муктаждыкты Өзүнөн гана сурап) дуба кылгыла! Аллах силерди (биринчи ирет) жаратканы сыяктуу (экинчи жашоого) кайтасыңар.

    7:29
  10. فَرِيقًا هَدَىٰ وَفَرِيقًا حَقَّ عَلَيْهِمُ الضَّلَالَةُ ۗ إِنَّهُمُ اتَّخَذُوا الشَّيَاطِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ مُهْتَدُونَ

    (Силерден) Бир тайпаны Аллах туура жолго баштады. Дагы бир тайпага (өздөрүнүн жаман иштери себептүү) адашуучулук чыныгы өкүм болду. (Анткени,) Алар Аллахты таштап шайтандарды дос-башчы кылып алышкан жана өздөрүн туура жол тапкандар деп ойлошкон.

    7:30
  11. يَا بَنِي آدَمَ خُذُوا زِينَتَكُمْ عِنْدَ كُلِّ مَسْجِدٍ وَكُلُوا وَاشْرَبُوا وَلَا تُسْرِفُوا ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ

    О, Адам урпактары! Ар бир намаздын убактысында зыйнатыңарды кийгиле жана (Аллах берген жакшылыктардан) жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чынында, Ал (Аллах) ысырапчыларды сүйбөйт.

    7:31
  12. قُلْ مَنْ حَرَّمَ زِينَةَ اللَّهِ الَّتِي أَخْرَجَ لِعِبَادِهِ وَالطَّيِّبَاتِ مِنَ الرِّزْقِ ۚ قُلْ هِيَ لِلَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا خَالِصَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

    Айткын: “Аллахтын пенделерине арнап чыгарган зыйнаттарын жана адал-таза ырыскыларды ким арам кылды?! Айткын: “Алар дүйнө жашоосунда ыймандууларга арналган”. Кыямат күндө (ал зыйнаттар) жалаң ыймандуулар үчүн. Биз билген адамдарга аяттарды ушундай анык баяндайбыз.

    7:32
  13. قُلْ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّيَ الْفَوَاحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ وَالْإِثْمَ وَالْبَغْيَ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَأَنْ تُشْرِكُوا بِاللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا وَأَنْ تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

    Айткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды жана Аллах жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам кылды)”.

    7:33
  14. وَلِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌ ۖ فَإِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً ۖ وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ

    Ар бир үммөт үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) бар. (Ошол) мөөнөттөрү келгенде, алар аны бир саатка болсун артка, же алдыга жылдыра алышпайт.

    7:34
  15. يَا بَنِي آدَمَ إِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِي ۙ فَمَنِ اتَّقَىٰ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

    О, Адам урпактары. Силерге араңардан чыккан пайгамбарлар келип, Менин аяттарымды айтканда, кимде-ким такыба кылып, өзүн оңдосо, аларга коркуу жок, жана алар кайгыга да батышпайт.

    7:35
  16. وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَاسْتَكْبَرُوا عَنْهَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

    Ал эми, Биздин аяттарыбызды "жалган" деп, алардан текеберленгендер тозок элдери жана анда түбөлүк калышат!”

    7:36
  17. فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ ۚ أُولَٰئِكَ يَنَالُهُمْ نَصِيبُهُمْ مِنَ الْكِتَابِ ۖ حَتَّىٰ إِذَا جَاءَتْهُمْ رُسُلُنَا يَتَوَفَّوْنَهُمْ قَالُوا أَيْنَ مَا كُنْتُمْ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۖ قَالُوا ضَلُّوا عَنَّا وَشَهِدُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا كَافِرِينَ

    (“Аллахтын шериги бар” деп) Аллахка жалган-жалаа ойлоп тапкан же болбосо, Анын аяттарын “жалган” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Аларга (тагдыры жазылган) китептен насип-ажалы жетип, Биздин жан алгыч (периште) элчилерибиз келип: “Аллахты таштап, аларга дуба кылган “кудайларыңар” кайда калды?” – дегенде, алар: “Бизден жок болуп кетишти!” дешет жана өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбөлүк беришет.

    7:37
  18. قَالَ ادْخُلُوا فِي أُمَمٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِكُمْ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ فِي النَّارِ ۖ كُلَّمَا دَخَلَتْ أُمَّةٌ لَعَنَتْ أُخْتَهَا ۖ حَتَّىٰ إِذَا ادَّارَكُوا فِيهَا جَمِيعًا قَالَتْ أُخْرَاهُمْ لِأُولَاهُمْ رَبَّنَا هَٰؤُلَاءِ أَضَلُّونَا فَآتِهِمْ عَذَابًا ضِعْفًا مِنَ النَّارِ ۖ قَالَ لِكُلٍّ ضِعْفٌ وَلَٰكِنْ لَا تَعْلَمُونَ

    (Аллах) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына каргыш айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллахка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллах) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”

    7:38
  19. وَقَالَتْ أُولَاهُمْ لِأُخْرَاهُمْ فَمَا كَانَ لَكُمْ عَلَيْنَا مِنْ فَضْلٍ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْسِبُونَ

    Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” - дешет.

    7:39
  20. إِنَّ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَاسْتَكْبَرُوا عَنْهَا لَا تُفَتَّحُ لَهُمْ أَبْوَابُ السَّمَاءِ وَلَا يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ حَتَّىٰ يَلِجَ الْجَمَلُ فِي سَمِّ الْخِيَاطِ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُجْرِمِينَ

    Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт. Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.

    7:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов