Сүрө 7 Аараф
-
المص
Алиф, Лам, Мим, Сод.
7:1 -
كِتَابٌ أُنْزِلَ إِلَيْكَ فَلَا يَكُنْ فِي صَدْرِكَ حَرَجٌ مِنْهُ لِتُنْذِرَ بِهِ وَذِكْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ
(О, Мухаммад! Бул Куран) Аны менен (адамдарды) эскертүүң үчүн жана момундарга сабак-эскертүү болуусу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүңдө андан эч шектенүү болбосун!
7:2 -
اتَّبِعُوا مَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ وَلَا تَتَّبِعُوا مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ ۗ قَلِيلًا مَا تَذَكَّرُونَ
(О, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар!
7:3 -
وَكَمْ مِنْ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا فَجَاءَهَا بَأْسُنَا بَيَاتًا أَوْ هُمْ قَائِلُونَ
Биз канчалаган айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга түндөгү же күндүзгү уйку мезгилинде келген.
7:4 -
فَمَا كَانَ دَعْوَاهُمْ إِذْ جَاءَهُمْ بَأْسُنَا إِلَّا أَنْ قَالُوا إِنَّا كُنَّا ظَالِمِينَ
Биздин азап келгенде алардын: “(Өзүбүзгө) зулум кылуучу болуп калдык” дегенден башка “доосу” калган жок!
7:5 -
فَلَنَسْأَلَنَّ الَّذِينَ أُرْسِلَ إِلَيْهِمْ وَلَنَسْأَلَنَّ الْمُرْسَلِينَ
Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарлардын өзүн да суракка тартабыз.
7:6 -
فَلَنَقُصَّنَّ عَلَيْهِمْ بِعِلْمٍ ۖ وَمَا كُنَّا غَائِبِينَ
Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Биз (эч бир мезгилде) жок эмес элек.
7:7 -
وَالْوَزْنُ يَوْمَئِذٍ الْحَقُّ ۚ فَمَنْ ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Ал (кыямат) күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилдик менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана тозоктон кутулуучулар.
7:8 -
وَمَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَٰئِكَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ بِمَا كَانُوا بِآيَاتِنَا يَظْلِمُونَ
Ал эми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар!
7:9 -
وَلَقَدْ مَكَّنَّاكُمْ فِي الْأَرْضِ وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَايِشَ ۗ قَلِيلًا مَا تَشْكُرُونَ
Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар!
7:10 -
وَلَقَدْ خَلَقْنَاكُمْ ثُمَّ صَوَّرْنَاكُمْ ثُمَّ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ لَمْ يَكُنْ مِنَ السَّاجِدِينَ
Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду.
7:11 -
قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسْجُدَ إِذْ أَمَرْتُكَ ۖ قَالَ أَنَا خَيْرٌ مِنْهُ خَلَقْتَنِي مِنْ نَارٍ وَخَلَقْتَهُ مِنْ طِينٍ
Ал (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансың".
7:12 -
قَالَ فَاهْبِطْ مِنْهَا فَمَا يَكُونُ لَكَ أَنْ تَتَكَبَّرَ فِيهَا فَاخْرُجْ إِنَّكَ مِنَ الصَّاغِرِينَ
Ал (Аллах) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”
7:13 -
قَالَ أَنْظِرْنِي إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ
(Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (кыямат) күнгө чейин (өлбөй жашоого) мага мөөнөт бер!”
7:14 -
قَالَ إِنَّكَ مِنَ الْمُنْظَرِينَ
(Аллах) айтты: “Сен мөөнөт берилгендерденсиң».
7:15 -
قَالَ فَبِمَا أَغْوَيْتَنِي لَأَقْعُدَنَّ لَهُمْ صِرَاطَكَ الْمُسْتَقِيمَ
(Иблис) айтты: “Мени (бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин туура жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын.
7:16 -
ثُمَّ لَآتِيَنَّهُمْ مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ وَعَنْ أَيْمَانِهِمْ وَعَنْ شَمَائِلِهِمْ ۖ وَلَا تَجِدُ أَكْثَرَهُمْ شَاكِرِينَ
Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардын көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың!
7:17 -
قَالَ اخْرُجْ مِنْهَا مَذْءُومًا مَدْحُورًا ۖ لَمَنْ تَبِعَكَ مِنْهُمْ لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنْكُمْ أَجْمَعِينَ
(Аллах) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, баарыңарды бириктирип тозокту толтурамын!
7:18 -
وَيَا آدَمُ اسْكُنْ أَنْتَ وَزَوْجُكَ الْجَنَّةَ فَكُلَا مِنْ حَيْثُ شِئْتُمَا وَلَا تَقْرَبَا هَٰذِهِ الشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ الظَّالِمِينَ
(Биз айттык): «О, Адам, сен жана жубайың (Хава экөөң) Бейиште жашагыла, (андагы жаккан мөмөлөрдөн) каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка жакындабагыла. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар.
7:19 -
فَوَسْوَسَ لَهُمَا الشَّيْطَانُ لِيُبْدِيَ لَهُمَا مَا وُورِيَ عَنْهُمَا مِنْ سَوْآتِهِمَا وَقَالَ مَا نَهَاكُمَا رَبُّكُمَا عَنْ هَٰذِهِ الشَّجَرَةِ إِلَّا أَنْ تَكُونَا مَلَكَيْنِ أَوْ تَكُونَا مِنَ الْخَالِدِينَ
Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбооңор үчүн гана бул дарактан кайтарды” – деди.
7:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов