Сүрө 7 Аараф
-
إِنَّ الَّذِينَ اتَّقَوْا إِذَا مَسَّهُمْ طَائِفٌ مِنَ الشَّيْطَانِ تَذَكَّرُوا فَإِذَا هُمْ مُبْصِرُونَ
Чынында, такыба адамдарды шайтан азгырыгы кармаганда (ошол замат) Аллахты эстешип (туура жолду) көрө башташат.
7:201 -
وَإِخْوَانُهُمْ يَمُدُّونَهُمْ فِي الْغَيِّ ثُمَّ لَا يُقْصِرُونَ
Ал эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт.
7:202 -
وَإِذَا لَمْ تَأْتِهِمْ بِآيَةٍ قَالُوا لَوْلَا اجْتَبَيْتَهَا ۚ قُلْ إِنَّمَا أَتَّبِعُ مَا يُوحَىٰ إِلَيَّ مِنْ رَبِّي ۚ هَٰذَا بَصَائِرُ مِنْ رَبِّكُمْ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Сен (алар сураган) далил-мужизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Куран) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) жышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн туура жол, ырайым!
7:203 -
وَإِذَا قُرِئَ الْقُرْآنُ فَاسْتَمِعُوا لَهُ وَأَنْصِتُوا لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ
(О, адамдар!) Куран окулганда, ага кулак салгыла жана сүкүт чалып тургула! Аллахтын ырайымына бөлөнсөңөр ажеп эмес!
7:204 -
وَاذْكُرْ رَبَّكَ فِي نَفْسِكَ تَضَرُّعًا وَخِيفَةً وَدُونَ الْجَهْرِ مِنَ الْقَوْلِ بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ وَلَا تَكُنْ مِنَ الْغَافِلِينَ
(О, Мухаммад!) Раббиңди эртели-кеч өзүңчө (ыклас менен), жалбарып, коркуп жана ашкере кыйкырбай зикир кылгын жана (Аллахты) унутуп коюучулардан болбогун.
7:205 -
إِنَّ الَّذِينَ عِنْدَ رَبِّكَ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِ وَيُسَبِّحُونَهُ وَلَهُ يَسْجُدُونَ ۩
Чынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат.
7:206
Котормо: Шамсуддин Хакимов