Сүрө 7 Аараф

  1. وَمِمَّنْ خَلَقْنَا أُمَّةٌ يَهْدُونَ بِالْحَقِّ وَبِهِ يَعْدِلُونَ

    Биз жараткан элдердин арасында акыйкат менен туура жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар да бар.

    7:181
  2. وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا سَنَسْتَدْرِجُهُمْ مِنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ

    Биздин аяттарыбызды “жалган” дегендерди өздөрү билбей-сезбей кала турган кейипте, «истидраж» кылабыз.

    7:182
  3. وَأُمْلِي لَهُمْ ۚ إِنَّ كَيْدِي مَتِينٌ

    Аларга мөөнөт берилет. Чынында Менин айлакерлигим бекем.

    7:183
  4. أَوَلَمْ يَتَفَكَّرُوا ۗ مَا بِصَاحِبِهِمْ مِنْ جِنَّةٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ مُبِينٌ

    Алар дайым бирге жүргөн киши (Мухаммад) жинди эмес экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес.

    7:184
  5. أَوَلَمْ يَنْظُرُوا فِي مَلَكُوتِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا خَلَقَ اللَّهُ مِنْ شَيْءٍ وَأَنْ عَسَىٰ أَنْ يَكُونَ قَدِ اقْتَرَبَ أَجَلُهُمْ ۖ فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَهُ يُؤْمِنُونَ

    «Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!»

    7:185
  6. مَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَا هَادِيَ لَهُ ۚ وَيَذَرُهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ

    Аллах кимди адаштырып койсо, ага эч бир жол баштоочу жок! Аллах аларды дендароо болгон абалда өз адашуучулуктарына таштап коёт!

    7:186
  7. يَسْأَلُونَكَ عَنِ السَّاعَةِ أَيَّانَ مُرْسَاهَا ۖ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِنْدَ رَبِّي ۖ لَا يُجَلِّيهَا لِوَقْتِهَا إِلَّا هُوَ ۚ ثَقُلَتْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ لَا تَأْتِيكُمْ إِلَّا بَغْتَةً ۗ يَسْأَلُونَكَ كَأَنَّكَ حَفِيٌّ عَنْهَا ۖ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِنْدَ اللَّهِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

    Алар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт».

    7:187
  8. قُلْ لَا أَمْلِكُ لِنَفْسِي نَفْعًا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۚ وَلَوْ كُنْتُ أَعْلَمُ الْغَيْبَ لَاسْتَكْثَرْتُ مِنَ الْخَيْرِ وَمَا مَسَّنِيَ السُّوءُ ۚ إِنْ أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

    Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык болмок эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын.

    7:188
  9. هُوَ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَجَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا لِيَسْكُنَ إِلَيْهَا ۖ فَلَمَّا تَغَشَّاهَا حَمَلَتْ حَمْلًا خَفِيفًا فَمَرَّتْ بِهِ ۖ فَلَمَّا أَثْقَلَتْ دَعَوَا اللَّهَ رَبَّهُمَا لَئِنْ آتَيْتَنَا صَالِحًا لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ

    Ал (Аллах) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Обо-Энени) жаратты. Анан (Адам Ата менен Обо Эненин урпактарынан) эки жуп кошулганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди. Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты.

    7:189
  10. فَلَمَّا آتَاهُمَا صَالِحًا جَعَلَا لَهُ شُرَكَاءَ فِيمَا آتَاهُمَا ۚ فَتَعَالَى اللَّهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ

    (Аллах) экөөнө жакшы перзент бергенде, берген нерсесинде Аллахка ширк келтиришти. Аллах алардын ширктеринен Бийик-Жогору!

    7:190
  11. أَيُشْرِكُونَ مَا لَا يَخْلُقُ شَيْئًا وَهُمْ يُخْلَقُونَ

    Эч нерсени жаратпаган, тескерисинче, жаратылган нерселерди Аллахга шерик кылышабы?!

    7:191
  12. وَلَا يَسْتَطِيعُونَ لَهُمْ نَصْرًا وَلَا أَنْفُسَهُمْ يَنْصُرُونَ

    (Адамдар Аллахка шерик кылган башка “кудайлар”) Алар ары турсун, өздөрүнө да жардам бере албайт!

    7:192
  13. وَإِنْ تَدْعُوهُمْ إِلَى الْهُدَىٰ لَا يَتَّبِعُوكُمْ ۚ سَوَاءٌ عَلَيْكُمْ أَدَعَوْتُمُوهُمْ أَمْ أَنْتُمْ صَامِتُونَ

    (О, мушриктер!) Эгер силер аларды (“кудайыңарды”) туура жолго чакырсаңар ээрчип келбейт (укпайт). Аларды чакырдыңарбы же унчукпай турдуңарбы, силерге эч айырмасы жок.

    7:193
  14. إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ عِبَادٌ أَمْثَالُكُمْ ۖ فَادْعُوهُمْ فَلْيَسْتَجِيبُوا لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллахтын макулуктары). Эгер чынчыл болсоңор, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришет бекен?!

    7:194
  15. أَلَهُمْ أَرْجُلٌ يَمْشُونَ بِهَا ۖ أَمْ لَهُمْ أَيْدٍ يَبْطِشُونَ بِهَا ۖ أَمْ لَهُمْ أَعْيُنٌ يُبْصِرُونَ بِهَا ۖ أَمْ لَهُمْ آذَانٌ يَسْمَعُونَ بِهَا ۗ قُلِ ادْعُوا شُرَكَاءَكُمْ ثُمَّ كِيدُونِ فَلَا تُنْظِرُونِ

    Эмне, алардын жүрө турган буттары барбы? Же (күч менен) кармагыдай колдору барбы? Же көрөөр көздөрү барбы? Же болбосо, уккудай кулактары барбы?! Айткын: “Аллахга шерик кылган “кудайыңарга” дуба кыла бергиле дагы, эч нерсеге карабай (мага каршы) айлакерлигиңерди баштай бергиле” (бирок, колуңардан эч нерсе келбейт!)

    7:195
  16. إِنَّ وَلِيِّيَ اللَّهُ الَّذِي نَزَّلَ الْكِتَابَ ۖ وَهُوَ يَتَوَلَّى الصَّالِحِينَ

    (Анткени,) Менин коргоочум – Аллах! Ал (мага асмандан) Китепти түшүргөн. Ал салих адамдарга жардам берет.

    7:196
  17. وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَكُمْ وَلَا أَنْفُسَهُمْ يَنْصُرُونَ

    Аллахтан башка силер дуба кыла турган “кудайлар” силерге да, өздөрүнө да жардам бере албайт.

    7:197
  18. وَإِنْ تَدْعُوهُمْ إِلَى الْهُدَىٰ لَا يَسْمَعُوا ۖ وَتَرَاهُمْ يَنْظُرُونَ إِلَيْكَ وَهُمْ لَا يُبْصِرُونَ

    Эгер аларды туура жолго чакырсаңар – укпайт. Карасаң, сага «карап» эле турушат, бирок көрүшпөйт.

    7:198
  19. خُذِ الْعَفْوَ وَأْمُرْ بِالْعُرْفِ وَأَعْرِضْ عَنِ الْجَاهِلِينَ

    (О, Мухаммад!) Кечиримдүү бол жана (адамдарды эң жакшы) касиеттерге буюр жана наадандардан ыраак бол!

    7:199
  20. وَإِمَّا يَنْزَغَنَّكَ مِنَ الشَّيْطَانِ نَزْغٌ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ ۚ إِنَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

    Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!

    7:200

Котормо: Шамсуддин Хакимов