Катталуу, бет 160

  1. وَاذْكُرُوا إِذْ جَعَلَكُمْ خُلَفَاءَ مِنْ بَعْدِ عَادٍ وَبَوَّأَكُمْ فِي الْأَرْضِ تَتَّخِذُونَ مِنْ سُهُولِهَا قُصُورًا وَتَنْحِتُونَ الْجِبَالَ بُيُوتًا ۖ فَاذْكُرُوا آلَاءَ اللَّهِ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ

    Эстегиле, Аллах силерди Аад коомунун артынан орун басар кылып, жерге жайгаштырды. Силер тегиз жерлерге сарайларды саласыңар, тоолорду(н боорун) оюп, үйлөрдү курасыңар. Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле, жана жер бетинде бузукулук таратуучу болбогула!”

    7:74
  2. قَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا مِنْ قَوْمِهِ لِلَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِمَنْ آمَنَ مِنْهُمْ أَتَعْلَمُونَ أَنَّ صَالِحًا مُرْسَلٌ مِنْ رَبِّهِ ۚ قَالُوا إِنَّا بِمَا أُرْسِلَ بِهِ مُؤْمِنُونَ

    Салихтин коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар, өздөрүнүн арасынан ыйман келтирген бей-бечара адамдарга карап: “Силер Салихти Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбар деп билесиңерби?” – дешти. Алар:“Ооба. Биз ал жиберилген нерсеге ыйман келтирүүчүлөрбүз” - деди.

    7:75
  3. قَالَ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا إِنَّا بِالَّذِي آمَنْتُمْ بِهِ كَافِرُونَ

    Текеберленген адамдар: “Биз силер ыйман келтирген динге ишенбейбиз!” – дешти.

    7:76
  4. فَعَقَرُوا النَّاقَةَ وَعَتَوْا عَنْ أَمْرِ رَبِّهِمْ وَقَالُوا يَا صَالِحُ ائْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الْمُرْسَلِينَ

    жана (“катылсаңар силерге азап келет” деп эскертилген) төөнү союп салышты да, Раббисинин буйругун оройлук менен бузуп: “О, Салих! Эгерде (чын) пайгамбар болсоң, бизге убада кылган азапты келтир?!” – дешти.

    7:77
  5. فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ

    Аларга катуу жер титирөө болуп, баскан-турган жерлеринде жер менен жексен болушту!

    7:78
  6. فَتَوَلَّىٰ عَنْهُمْ وَقَالَ يَا قَوْمِ لَقَدْ أَبْلَغْتُكُمْ رِسَالَةَ رَبِّي وَنَصَحْتُ لَكُمْ وَلَٰكِنْ لَا تُحِبُّونَ النَّاصِحِينَ

    Салих болсо, (алар кырылып калгандан кийин) аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат кылган элем. Бирок, силер насаат айтуучу адамдарды сүйбөйт экенсиңер!” - деди.

    7:79
  7. وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ أَتَأْتُونَ الْفَاحِشَةَ مَا سَبَقَكُمْ بِهَا مِنْ أَحَدٍ مِنَ الْعَالَمِينَ

    (О, Мухаммад!) Лут пайгамбарды да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: “Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыңарбы?” - деди.

    7:80
  8. إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ شَهْوَةً مِنْ دُونِ النِّسَاءِ ۚ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ مُسْرِفُونَ

    Чынында, силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумарланып келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул – арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди.

    7:81

Котормо: Шамсуддин Хакимов