Сүрө 4 Ниса
-
الَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمْ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ فَتْحٌ مِنَ اللَّهِ قَالُوا أَلَمْ نَكُنْ مَعَكُمْ وَإِنْ كَانَ لِلْكَافِرِينَ نَصِيبٌ قَالُوا أَلَمْ نَسْتَحْوِذْ عَلَيْكُمْ وَنَمْنَعْكُمْ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ ۚ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
Алар (эки жүздүүлөр) силерди аңдып турушат. Эгер (согушта) силерге Аллах тарабынан жеңиш болуп калса (силерге жагынуу жана олжодон бир нерсе алуу үчүн): “Биз силер менен бирге эмес белек?” - дешет. Ал эми, каапырларга (жеңиштен) бир үлүш буюруп калса (аларга): “Биз силерге жардам берип, момундардан коргободук беле?” - дешет. Аллах Кыяматта силердин араңарда Өзү өкүм кылат (кимдин-ким экенин билгизет) жана Аллах эч качан каапырлар үчүн (момундарды толук басып алуусуна) жол бербейт.
4:141 -
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَهُوَ خَادِعُهُمْ وَإِذَا قَامُوا إِلَى الصَّلَاةِ قَامُوا كُسَالَىٰ يُرَاءُونَ النَّاسَ وَلَا يَذْكُرُونَ اللَّهَ إِلَّا قَلِيلًا
Эки жүздүүлөр (өздөрүнчө) Аллахты алдамакчы болушат. Бирок, Аллах өздөрүн «алдап» койот. Жана эгер намазга турчу болушса, жалкоолонуп турушат. Элдин көзүнө көрүнүү үчүн (гана ибадат кылышат). Аллахты өтө аз эскеришет.
4:142 -
مُذَبْذَبِينَ بَيْنَ ذَٰلِكَ لَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ وَلَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا
Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллах кимди адаштырып койсо, сен ага туура жол таба албайсың.
4:143 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا مُبِينًا
О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллах үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы?
4:144 -
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ فِي الدَّرْكِ الْأَسْفَلِ مِنَ النَّارِ وَلَنْ تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا
Албетте, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың.
4:145 -
إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَاعْتَصَمُوا بِاللَّهِ وَأَخْلَصُوا دِينَهُمْ لِلَّهِ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَسَوْفَ يُؤْتِ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ أَجْرًا عَظِيمًا
Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллахка жалбарышса жана ибадаттарын Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (Дүйнө-Акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллах момундарга тез арада чоң соопторду берет.
4:146 -
مَا يَفْعَلُ اللَّهُ بِعَذَابِكُمْ إِنْ شَكَرْتُمْ وَآمَنْتُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ شَاكِرًا عَلِيمًا
Эгер ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар, Аллах силерди эмне үчүн азапка салат?! Аллах Шүгүр кылуучу, Билүүчү.
4:147 -
لَا يُحِبُّ اللَّهُ الْجَهْرَ بِالسُّوءِ مِنَ الْقَوْلِ إِلَّا مَنْ ظُلِمَ ۚ وَكَانَ اللَّهُ سَمِيعًا عَلِيمًا
Аллах (ар кандай) жаман сөздүн ашкере айтылуусун сүйбөйт. Бир гана залым көргөн адамдар үчүн (заалымды каргап, тескери дуба кылуулары) мүмкүн. Аллах Угуучу, Билүүчү.
4:148 -
إِنْ تُبْدُوا خَيْرًا أَوْ تُخْفُوهُ أَوْ تَعْفُوا عَنْ سُوءٍ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ عَفُوًّا قَدِيرًا
Эгер жакшылыкты (ал сөзбү, ишпи, ичкиби, сырткыбы, парзбы, же башкабы) ашкере же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, (билип алгыла) Аллах дагы Кечиримдүү, Кудуреттүү.
4:149 -
إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيُرِيدُونَ أَنْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ اللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍ وَيُرِيدُونَ أَنْ يَتَّخِذُوا بَيْنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا
Аллахка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллах менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дегендер жана эки анжы жолду карманууну каалагандар…
4:150 -
أُولَٰئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ حَقًّا ۚ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا
ошолор гана чыныгы каапырлар. Жана Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз.
4:151 -
وَالَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَلَمْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ أُولَٰئِكَ سَوْفَ يُؤْتِيهِمْ أُجُورَهُمْ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا
Аллахка жана Анын (бардык) пайгамбарларына ыйман келтирген жана алардан эч биринин арасын ажыратпаган адамдарга Биз жакында (тиешелүү) соопторун беребиз. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:152 -
يَسْأَلُكَ أَهْلُ الْكِتَابِ أَنْ تُنَزِّلَ عَلَيْهِمْ كِتَابًا مِنَ السَّمَاءِ ۚ فَقَدْ سَأَلُوا مُوسَىٰ أَكْبَرَ مِنْ ذَٰلِكَ فَقَالُوا أَرِنَا اللَّهَ جَهْرَةً فَأَخَذَتْهُمُ الصَّاعِقَةُ بِظُلْمِهِمْ ۚ ثُمَّ اتَّخَذُوا الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ فَعَفَوْنَا عَنْ ذَٰلِكَ ۚ وَآتَيْنَا مُوسَىٰ سُلْطَانًا مُبِينًا
(О, Мухаммад!) Китеп ээлери (яхудилер) сенден аларга Китепти (Куранды) асмандан (толук бойдон) түшүрүп берүүңдү сурашат. Алар Мусадан мындан да чоңураак нерсени сурап: “Бизге Аллахты анык көргөзөсүң” дешкен. Кийин, (ушул) залымдыктары себептүү аларды чагылган урган. Андан соң алар, өздөрүнө анык далилдер келсе да, музоону кудай кылып алышты. Биз муну кечирдик. Жана Мусага анык далилдерди (мыйзамдарды) бердик.
4:153 -
وَرَفَعْنَا فَوْقَهُمُ الطُّورَ بِمِيثَاقِهِمْ وَقُلْنَا لَهُمُ ادْخُلُوا الْبَابَ سُجَّدًا وَقُلْنَا لَهُمْ لَا تَعْدُوا فِي السَّبْتِ وَأَخَذْنَا مِنْهُمْ مِيثَاقًا غَلِيظًا
Биз алардын ант-убадасын алуу үчүн баштарына Тур тоосун көтөрдүк. Жана аларга: “Бул (шаар) дарбазасынан баш ийип киргиле” дедик. Жана “Алтынчы күндө чектен чыкпагыла” - деп, алардан катуу ант-убада алдык.
4:154 -
فَبِمَا نَقْضِهِمْ مِيثَاقَهُمْ وَكُفْرِهِمْ بِآيَاتِ اللَّهِ وَقَتْلِهِمُ الْأَنْبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ وَقَوْلِهِمْ قُلُوبُنَا غُلْفٌ ۚ بَلْ طَبَعَ اللَّهُ عَلَيْهَا بِكُفْرِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُونَ إِلَّا قَلِيلًا
Анан, ант-убадаларын бузганы, Аллахтын аяттарын четке какканы, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөнү жана (акыйкатты кабыл алууга чакырылганда) “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” дегени себептүү (Биз аларды азапка жолуктурдук). Жок, андай (жүрөктөрү кулпуланган) эмес, тескерисинче, өздөрүнүн каапырлыгы себептүү жүрөктөрүнө Аллах мөөр койгон. Демек, азынан башкалары ыйман келтиришпейт.
4:155 -
وَبِكُفْرِهِمْ وَقَوْلِهِمْ عَلَىٰ مَرْيَمَ بُهْتَانًا عَظِيمًا
Жана да каапырлыктары: (абийирдүү) Мариям (кыз)га (“сойкусуң”деп) чоң жалаа жаап сүйлөгөнү үчүн.
4:156 -
وَقَوْلِهِمْ إِنَّا قَتَلْنَا الْمَسِيحَ عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ رَسُولَ اللَّهِ وَمَا قَتَلُوهُ وَمَا صَلَبُوهُ وَلَٰكِنْ شُبِّهَ لَهُمْ ۚ وَإِنَّ الَّذِينَ اخْتَلَفُوا فِيهِ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ ۚ مَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ إِلَّا اتِّبَاعَ الظَّنِّ ۚ وَمَا قَتَلُوهُ يَقِينًا
Жана Аллахтын пайгамбары Иса – Масих бин Мариямды “Биз өлтүргөнбүз” - деген сөздөрү себептүү, (Биз аларды азап-каргышка жолуктурганбыз). Алар аны (Исаны) өлтүргөн да эмес, аскан да эмес. Бирок, алар үчүн (башка бирөө) ага окшотуп коюлган. Ал жөнүндө талашып-тартышкандар ал (анын өлүмү) жөнүндө шек-күмөндө болушат. Аларда божомолдоодон башка эч бир илим жок. Чынында, алар аны анык өлтүргөн эмес.
4:157 -
بَلْ رَفَعَهُ اللَّهُ إِلَيْهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Тескерисинче, аны Аллах Өзүнө көтөрүп алган. Аллах Кудуреттүү, Даанышман.
4:158 -
وَإِنْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ إِلَّا لَيُؤْمِنَنَّ بِهِ قَبْلَ مَوْتِهِ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكُونُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًا
Китеп ээлеринин бардыгы (яхудийлери да христиандары да) ага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет. Жана Кыямат Күндө болсо, ал (Иса) алардын (өзү жөнүндө жалган ишенимде болгондордун) зыянына күбөлүк берет.
4:159 -
فَبِظُلْمٍ مِنَ الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ طَيِّبَاتٍ أُحِلَّتْ لَهُمْ وَبِصَدِّهِمْ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ كَثِيرًا
Биз яхудийлерге, алар заалым болгону, көп адамдарды Аллахтын Жолунан тоскону себептүү (мурда) аларга адал болгон (кээ бир) таза-адал тамактарды арам кылдык.
4:160
Котормо: Шамсуддин Хакимов