Сүрө 4 Ниса
-
وَكَيْفَ تَأْخُذُونَهُ وَقَدْ أَفْضَىٰ بَعْضُكُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ وَأَخَذْنَ مِنْكُمْ مِيثَاقًا غَلِيظًا
Кантип аны алууга батынасыңар?! Акыры, силердин бириңер (эркектер) экинчиңерге (аялдарга) (ошол махыр себептүү) жетишти эле го?! Жана (силер ажырашууну каалаган) аялдар силерден (өмүр бою камкор болушуңар жөнүндө) катуу убада алган эле го?!
4:21 -
وَلَا تَنْكِحُوا مَا نَكَحَ آبَاؤُكُمْ مِنَ النِّسَاءِ إِلَّا مَا قَدْ سَلَفَ ۚ إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَمَقْتًا وَسَاءَ سَبِيلًا
Атаңардын никесинде болгон аялдарга үйлөнбөгүлө! Ал эми, (Исламдан) мурун болгон болсо, эч нерсе эмес (ал кечирилет). Бул иш бузукулук, жийиркеничтүү жана эң жаман жол!
4:22 -
حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَاتُكُمْ وَبَنَاتُكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ وَعَمَّاتُكُمْ وَخَالَاتُكُمْ وَبَنَاتُ الْأَخِ وَبَنَاتُ الْأُخْتِ وَأُمَّهَاتُكُمُ اللَّاتِي أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ مِنَ الرَّضَاعَةِ وَأُمَّهَاتُ نِسَائِكُمْ وَرَبَائِبُكُمُ اللَّاتِي فِي حُجُورِكُمْ مِنْ نِسَائِكُمُ اللَّاتِي دَخَلْتُمْ بِهِنَّ فَإِنْ لَمْ تَكُونُوا دَخَلْتُمْ بِهِنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ وَحَلَائِلُ أَبْنَائِكُمُ الَّذِينَ مِنْ أَصْلَابِكُمْ وَأَنْ تَجْمَعُوا بَيْنَ الْأُخْتَيْنِ إِلَّا مَا قَدْ سَلَفَ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
Силерге (төмөндөгүлөрдүн никеси) арам кылынды: апаңар (апаңардын апалары), кыздарыңар (жана бардык кыз небереңер), бир тууган эже-сиңдиңер, атаңардын (же чоң атаңардын) эже-сиңдилери, апаңардын (же чоң энеңердин) эже-сиңдилери, ага-иниңердин кыздары, эже-сиңдиңердин кыздары, көкүрөк сүтүн берген эмчек апаңар, эмчектеш эже-сиңдиңер (силер сүтүн эмген аялдын сүтүн эмген кыздар), кайненеңер, силер жакындык кылган (кийинки) аялдарыңардын (өзү менен алып келген) силердин тарбияңарда болгон кыздары. Эгер ал (кийин үйлөнгөн) аялыңарга жыныстык жакындык кылбаган болсоңор, анда (аларды талак кылгандан кийин) кыздарына үйлөнсөңөр - күнөө жок. Жана өз белиңерден жаралган уулуңардын аялдары(на үйлөнүүңөр) жана бир тууган эже-сиңдини бир убакта өз никеңерге кошуп алышыңар (силерге арам кылынды) . Ал эми, (исламдан) мурун болгон болсо, анда эч нерсе эмес (кечирилет). Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:23 -
وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ النِّسَاءِ إِلَّا مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ۖ كِتَابَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ ۚ وَأُحِلَّ لَكُمْ مَا وَرَاءَ ذَٰلِكُمْ أَنْ تَبْتَغُوا بِأَمْوَالِكُمْ مُحْصِنِينَ غَيْرَ مُسَافِحِينَ ۚ فَمَا اسْتَمْتَعْتُمْ بِهِ مِنْهُنَّ فَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ فَرِيضَةً ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِيمَا تَرَاضَيْتُمْ بِهِ مِنْ بَعْدِ الْفَرِيضَةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا
Дагы күйөөсү бар аялдар(га үйлөнүү арам). Ал эми кол астыңардагы күң аялдарга жакындык кылууңар арам эмес. Аллахтын китебин(ин өкүмдөрүн) бекем кармагыла. Ушул айтылгандардан башка (аялдардын) бардыгына, мал-дүйнөңөрдөн (махыр кылып) берүү менен, таза болуп, бузуктук кылбай үйлөнүүңөр силер үчүн адал кылынды. Эми, ал аялдардан кимисине (нике менен) жакындык кылуучу болсоңор, парыз кылынган акысын (махырын) бергиле. Махыр белгиленгенден кийин өз ара келишип алууңарда (күйөөсү белгиленгенден көбүрөөк берсе же болбосо, аял белгиленгенден бир бөлүгүн же баарын кечип жиберсе) силер үчүн күнөө жок. Албетте, Аллах Билүүчү, Даанышман.
4:24 -
وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ مِنْكُمْ طَوْلًا أَنْ يَنْكِحَ الْمُحْصَنَاتِ الْمُؤْمِنَاتِ فَمِنْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ مِنْ فَتَيَاتِكُمُ الْمُؤْمِنَاتِ ۚ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِإِيمَانِكُمْ ۚ بَعْضُكُمْ مِنْ بَعْضٍ ۚ فَانْكِحُوهُنَّ بِإِذْنِ أَهْلِهِنَّ وَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ مُحْصَنَاتٍ غَيْرَ مُسَافِحَاتٍ وَلَا مُتَّخِذَاتِ أَخْدَانٍ ۚ فَإِذَا أُحْصِنَّ فَإِنْ أَتَيْنَ بِفَاحِشَةٍ فَعَلَيْهِنَّ نِصْفُ مَا عَلَى الْمُحْصَنَاتِ مِنَ الْعَذَابِ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِيَ الْعَنَتَ مِنْكُمْ ۚ وَأَنْ تَصْبِرُوا خَيْرٌ لَكُمْ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Жана силерден кимиңер азат, ыймандуу аялдарга үйлөнүү үчүн мүмкүнчүлүк таппаса, анда кол астыңардагы ыймандуу күң аялдардан (бирден төрткө чейин) үйлөнө берсин. Аллах силердин ыйманыңарды(н даражасын) жакшы Билүүчү. Бири-бириңерден (тарагансыңар) Алардан (күң аялдардан) ыйбалуу, зына кылбаган жана жашыруун көңүлдөш тутпаган аялдарга кожоюндарынын уруксаты менен үйлөнө бергиле жана махырларын жакшылап төлөгүлө. Эгер (эрге тийип,) башы байлангандан кийин зына кылышса, аларга азат аялдарга берилген жазанын жарымы берилет. Бул (күңдөргө уруксат берүү) силердин араңардан бойдокчулук азабына чыдай албагандар үчүн. Ал эми, (азат аялдын махырына кудуретиңер жеткенге чейин) сабыр кылсаңар өзүңөргө жакшы. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:25 -
يُرِيدُ اللَّهُ لِيُبَيِّنَ لَكُمْ وَيَهْدِيَكُمْ سُنَنَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَيَتُوبَ عَلَيْكُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Аллах силерге (бардык адал-арам маселелерди) баян кылып берүүнү жана силерди мурун өткөн (салих-таза) адамдардын жолуна салып, тообоңорду кабыл алууну каалайт. Аллах – Билүүчү, Даанышман.
4:26 -
وَاللَّهُ يُرِيدُ أَنْ يَتُوبَ عَلَيْكُمْ وَيُرِيدُ الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ الشَّهَوَاتِ أَنْ تَمِيلُوا مَيْلًا عَظِيمًا
Аллах силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообоңорду кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (ак жолдон) адашып кетишиңерди каалайт.
4:27 -
يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُخَفِّفَ عَنْكُمْ ۚ وَخُلِقَ الْإِنْسَانُ ضَعِيفًا
Аллах силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган.
4:28 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً عَنْ تَرَاضٍ مِنْكُمْ ۚ وَلَا تَقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткорлук, ж.б.у.с.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллах силерге Мээримдүү.
4:29 -
وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ عُدْوَانًا وَظُلْمًا فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَارًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا
Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллахка жеңил.
4:30 -
إِنْ تَجْتَنِبُوا كَبَائِرَ مَا تُنْهَوْنَ عَنْهُ نُكَفِّرْ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَنُدْخِلْكُمْ مُدْخَلًا كَرِيمًا
Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар (жана парыз ибадаттарды үзбөй жасап жүрсөңөр) Биз силердин (бардык) күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улук Орунга-бейишке киргизебиз.
4:31 -
وَلَا تَتَمَنَّوْا مَا فَضَّلَ اللَّهُ بِهِ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۚ لِلرِّجَالِ نَصِيبٌ مِمَّا اكْتَسَبُوا ۖ وَلِلنِّسَاءِ نَصِيبٌ مِمَّا اكْتَسَبْنَ ۚ وَاسْأَلُوا اللَّهَ مِنْ فَضْلِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمًا
Аллах бирөөңөрдү бирөөңөрдөн эмне менен абзел-жогору кылып койгон болсо, ошону силер (көралбастык менен) эңсебегиле! Эркектерге эмгек-кесиптеринен насип бар. (Ошондой эле,) аялдар үчүн да эмгек-кесиптеринен насип бар. (Бардык диний-дүйнөлүк ишиңерде) Аллахтын пазилетин сурагыла. Албетте, Аллах бардык нерселерди Билүүчү.
4:32 -
وَلِكُلٍّ جَعَلْنَا مَوَالِيَ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ ۚ وَالَّذِينَ عَقَدَتْ أَيْمَانُكُمْ فَآتُوهُمْ نَصِيبَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدًا
Ар бир адам үчүн ата-эне жана жакындары калтырган урук-туугандардан жана силер менен ант-келишим түзгөн адамдардан турган дос-жардамчыларды жаратып койдук. Эми аларга өз үлүштөрүн бергиле. Албетте, Аллах бардыгына Күбө.
4:33 -
الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ بِمَا فَضَّلَ اللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ وَبِمَا أَنْفَقُوا مِنْ أَمْوَالِهِمْ ۚ فَالصَّالِحَاتُ قَانِتَاتٌ حَافِظَاتٌ لِلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ اللَّهُ ۚ وَاللَّاتِي تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَاهْجُرُوهُنَّ فِي الْمَضَاجِعِ وَاضْرِبُوهُنَّ ۖ فَإِنْ أَطَعْنَكُمْ فَلَا تَبْغُوا عَلَيْهِنَّ سَبِيلًا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيًّا كَبِيرًا
Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу. Бул – Аллах бирин экинчисинен (күч-кубатта, акылда, сабырда) абзел-жогору кылганы жана өз (эмгеги менен тапкан) мал-мүлктөрүнөн (аялын, үй-бүлөсүн) каржылаганы себептүү. Эми, Аллахтын өкүмдөрүнө толук моюн сунуучу жана Аллах сактаганы себептүү, күйөөсү жок мезгилдерде өзүн (арамдан жана күйөөсүнүн мүлкүн кыянат-уурулуктан) сактоочу аялдар - жакшы аялдар. Силер бейбаштыгынан корккон аялыңарга (оболу эң жакшы сөздөр менен) насаат айткыла. Анан (насаат пайда бербесе, катуу сүйлөбөй) төшөктө жалгыз калтыргыла жана (ушуну менен да оңолбосо, катаалдык кылбай) ургула. Эгер силерге баш ийип калса, аларга каршы башка жол издебегиле. Албетте, Аллах эң Улук, эң Жогору!
4:34 -
وَإِنْ خِفْتُمْ شِقَاقَ بَيْنِهِمَا فَابْعَثُوا حَكَمًا مِنْ أَهْلِهِ وَحَكَمًا مِنْ أَهْلِهَا إِنْ يُرِيدَا إِصْلَاحًا يُوَفِّقِ اللَّهُ بَيْنَهُمَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا خَبِيرًا
Эгер жубайлардын ортосунда жарака кетүүсүнөн корксоңор, күйөөнүн жакындарынан бир өкүм кылуучуну жана аялдын жакындарынан бир өкүм кылуучуну (маселени чечүү үчүн) жибергиле. Эгер ал эки өкүм кылуучу жараштырууну кааласа, Аллах жубайлардын арасын тынч, ынтымактуу кылат. Албетте, Аллах (бардыгын) Билүүчү, Кабардар.
4:35 -
وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا ۖ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَبِذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَىٰ وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا
Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, жарды-жармачтарга тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусаапыр-карыптарга жана кол астыңардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт.
4:36 -
الَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبُخْلِ وَيَكْتُمُونَ مَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ ۗ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا
Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Аллах Өз пазилетинен берген жакшылыктарды (адамдардан) жашырат. Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койдук.
4:37 -
وَالَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ رِئَاءَ النَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَا بِالْيَوْمِ الْآخِرِ ۗ وَمَنْ يَكُنِ الشَّيْطَانُ لَهُ قَرِينًا فَسَاءَ قَرِينًا
Мал-дүйнөлөрүн рия (адамдарга көрүнүү, атагы чыгуу) үчүн садага кылган жана өздөрү Аллахка да, Акыретке да ишенбей турган адамдарга дагы (азапты даярдап койгонбуз). Шайтан кимдин жакын досу болсо, ал эң жаман дос!
4:38 -
وَمَاذَا عَلَيْهِمْ لَوْ آمَنُوا بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقَهُمُ اللَّهُ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِهِمْ عَلِيمًا
Аллахка, Акырет күнүнө ыйман келтирип, Аллах аларга ырыскы кылып берген нерселерден (элге көрүнүүнү ниет кылбай) садага кылса аларга зыян болмок беле?! Аллах аларды Билүүчү.
4:39 -
إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ ۖ وَإِنْ تَكُ حَسَنَةً يُضَاعِفْهَا وَيُؤْتِ مِنْ لَدُنْهُ أَجْرًا عَظِيمًا
«Албетте, Аллах эч кимге чаң бүртүгүнүн салмагындай да зулум кылбайт. Эгер (пенденин ишинде чаңдын бүртүгүнчө) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн алдынан чоң сооп берет».
4:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов