Сүрө 4 Ниса

  1. وَيَقُولُونَ طَاعَةٌ فَإِذَا بَرَزُوا مِنْ عِنْدِكَ بَيَّتَ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ غَيْرَ الَّذِي تَقُولُ ۖ وَاللَّهُ يَكْتُبُ مَا يُبَيِّتُونَ ۖ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا

    (Сенин алдыңда) “Моюн сундук” дешет. Ал эми сенден чыгаар замат, алардын бир тайпалары (түнү менен «айнып») сага айтканынын тескерисин сүйлөп калышат. Аллах алардын (түнкү) сүйлөшүүлөрүн жазып койот. Cен алардан жүз буруп, Аллахка гана таянгын! Аллах жетиштүү таяныч.

    4:81
  2. أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ الْقُرْآنَ ۚ وَلَوْ كَانَ مِنْ عِنْدِ غَيْرِ اللَّهِ لَوَجَدُوا فِيهِ اخْتِلَافًا كَثِيرًا

    «Алар Куранды терең акыл калчап окушпайбы?! Эгер Куран Аллахтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле го».

    4:82
  3. وَإِذَا جَاءَهُمْ أَمْرٌ مِنَ الْأَمْنِ أَوِ الْخَوْفِ أَذَاعُوا بِهِ ۖ وَلَوْ رَدُّوهُ إِلَى الرَّسُولِ وَإِلَىٰ أُولِي الْأَمْرِ مِنْهُمْ لَعَلِمَهُ الَّذِينَ يَسْتَنْبِطُونَهُ مِنْهُمْ ۗ وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ لَاتَّبَعْتُمُ الشَّيْطَانَ إِلَّا قَلِيلًا

    Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак. Эгер силерге Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо, азыңардан башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар.

    4:83
  4. فَقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ لَا تُكَلَّفُ إِلَّا نَفْسَكَ ۚ وَحَرِّضِ الْمُؤْمِنِينَ ۖ عَسَى اللَّهُ أَنْ يَكُفَّ بَأْسَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ وَاللَّهُ أَشَدُّ بَأْسًا وَأَشَدُّ تَنْكِيلًا

    (О, Мухаммад!) Аллахтын жолунда (оболу) өзүң согушкун. Эч кимди эмес, өзүңдү гана согушка буйру жана момундарды, шыктандыр. Ошондо Аллах (чечкиндүү согуштук аракетиңер себептүү) каапырларды кубатынан арылтып коюусу мүмкүн. Аллахтын кубаты күчтүү, азабы катуу.

    4:84
  5. مَنْ يَشْفَعْ شَفَاعَةً حَسَنَةً يَكُنْ لَهُ نَصِيبٌ مِنْهَا ۖ وَمَنْ يَشْفَعْ شَفَاعَةً سَيِّئَةً يَكُنْ لَهُ كِفْلٌ مِنْهَا ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ مُقِيتًا

    Ким жакшы тарапка жардам берсе, ага ошол жакшылыктан үлүш тиет. Ким жаман тарапка жардам берсе ага ошол жамандыктан үлүш тиет. Аллах бардык нерсеге Көзөмөл кылуучу.

    4:85
  6. وَإِذَا حُيِّيتُمْ بِتَحِيَّةٍ فَحَيُّوا بِأَحْسَنَ مِنْهَا أَوْ رُدُّوهَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ حَسِيبًا

    Силерге качан салам (же салам сыяктуу сөз же белги) берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып жооп кайтаргыла. Аллах бардык нерсени Эсептөөчү.

    4:86
  7. اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ لَيَجْمَعَنَّكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ ۗ وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ اللَّهِ حَدِيثًا

    Эч бир илах жок, бир гана (затында, сыпатында, пейилинде, ысымында эч кимге окшобогон) Аллах гана бар. Ал силерди анда шек болбогон Кыямат Күн үчүн (ар бир адамга өз иштерине жараша сыйлык же жаза берүү үчүн) чогултат. Аллахтан туурараак сүйлөгөн эч ким жок.

    4:87
  8. فَمَا لَكُمْ فِي الْمُنَافِقِينَ فِئَتَيْنِ وَاللَّهُ أَرْكَسَهُمْ بِمَا كَسَبُوا ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَهْدُوا مَنْ أَضَلَّ اللَّهُ ۖ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا

    Эмне үчүн силер эки жүздүүлөр жөнүндө экиге бөлүнөсүңөр? Аллах аларды жасаган иштери себептүү (каапырлыкка) кайтарды го! Силер Аллах адаштырган кишилерди туура жолго салууну каалайсыңарбы? Кимди Аллах адаштырган болсо, сен ага (туура) жол таба албайсың!

    4:88
  9. وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً ۖ فَلَا تَتَّخِذُوا مِنْهُمْ أَوْلِيَاءَ حَتَّىٰ يُهَاجِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَخُذُوهُمْ وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ وَجَدْتُمُوهُمْ ۖ وَلَا تَتَّخِذُوا مِنْهُمْ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

    Алар өздөрү каапыр болгон сыяктуу силердин да каапыр болуп калууңарды эңсейт. Аларды Аллахтын жолунда хижрат кылмайынча дос тутпагыла. Эгер (хижрат кылуудан) баш тартышса, аларды тапкан жериңерде кармап, өлтүргүлө. Аларды дос да жардамчы да кылбагыла.

    4:89
  10. إِلَّا الَّذِينَ يَصِلُونَ إِلَىٰ قَوْمٍ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ مِيثَاقٌ أَوْ جَاءُوكُمْ حَصِرَتْ صُدُورُهُمْ أَنْ يُقَاتِلُوكُمْ أَوْ يُقَاتِلُوا قَوْمَهُمْ ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَسَلَّطَهُمْ عَلَيْكُمْ فَلَقَاتَلُوكُمْ ۚ فَإِنِ اعْتَزَلُوكُمْ فَلَمْ يُقَاتِلُوكُمْ وَأَلْقَوْا إِلَيْكُمُ السَّلَمَ فَمَا جَعَلَ اللَّهُ لَكُمْ عَلَيْهِمْ سَبِيلًا

    Ал эми, (төмөндөгү) кишилерди өлтүрбөгүлө: силер менен араларында (тынчтык) келишими бар болгон коомдорго кошулуп алса. Же, силерге жана өзүнүн (каапыр) коомуна каршы согушууга жүрөгү ээ бербей, силердин алдыңарга келишсе. Эгер Аллах кааласа аларды силерден жогору кылып, силерге каршы согушкан болоор эле. Эми, эгер силерге катылбай, согуш жарыялабай, тынчтыкты сунуштап жүрүшсө, аларга каршы чыгууңарга Аллах силерге жол бербейт.

    4:90
  11. سَتَجِدُونَ آخَرِينَ يُرِيدُونَ أَنْ يَأْمَنُوكُمْ وَيَأْمَنُوا قَوْمَهُمْ كُلَّ مَا رُدُّوا إِلَى الْفِتْنَةِ أُرْكِسُوا فِيهَا ۚ فَإِنْ لَمْ يَعْتَزِلُوكُمْ وَيُلْقُوا إِلَيْكُمُ السَّلَمَ وَيَكُفُّوا أَيْدِيَهُمْ فَخُذُوهُمْ وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ ۚ وَأُولَٰئِكُمْ جَعَلْنَا لَكُمْ عَلَيْهِمْ سُلْطَانًا مُبِينًا

    Силер (эки жүздүүлөрдүн) башка тайпаларын силерден да, (каапыр) коомдорунан да сак болгон абалда көрөсүңөр. Качан алар бүлгүн-бузукулукка кайтарылса, ага чумкуп кетишет. Эгер алар силерден алыстабаса, тынчтыкты сунуштабаса жана силерден колун тартпаса, анда аларды кармап, тапкан жериңерде өлтүргүлө! Биз силерге андай адамдардын үстүнөн бийлик бердик.

    4:91
  12. وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ أَنْ يَقْتُلَ مُؤْمِنًا إِلَّا خَطَأً ۚ وَمَنْ قَتَلَ مُؤْمِنًا خَطَأً فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُؤْمِنَةٍ وَدِيَةٌ مُسَلَّمَةٌ إِلَىٰ أَهْلِهِ إِلَّا أَنْ يَصَّدَّقُوا ۚ فَإِنْ كَانَ مِنْ قَوْمٍ عَدُوٍّ لَكُمْ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُؤْمِنَةٍ ۖ وَإِنْ كَانَ مِنْ قَوْمٍ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ مِيثَاقٌ فَدِيَةٌ مُسَلَّمَةٌ إِلَىٰ أَهْلِهِ وَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُؤْمِنَةٍ ۖ فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ تَوْبَةً مِنَ اللَّهِ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

    Момун адам момун адамды - адашып гана өлтүрүп албаса - (атайлап) өлтүрүүсү мүмкүн эмес. Кимде-ким (ал жашпы, карыбы, аялбы, эркекпи, каапырбы, момунбу же башкабы) бир момунду адашып (катачылыктан улам) өлтүрүп койсо, (бул күнөөсүн жуу үчүн) бир момун кулду азат кылат жана (буга кошумча) маркумдун мураскорлоруна дия (кун акысын) төлөйт. Ал эми, (сөөктүн ээлери) кечирип жиберсе (дия төлөбөйт). Эгер өлгөн адам силерге душман коомдон, бирок момун болсо, (дия төлөбөй) бир момун кулду азат кылат. Эгер өлгөн адам, силер менен тынчтык келишимин түзгөн коомдон болсо, өлгөндүн үй-бүлөсүнө дия төлөө менен бирге бир момун кулду да азат кылат. Ал эми ким (кул азат кылганга же дия төлөгөнгө мүмкүнчүлүк) таппаса, Аллах тарабынан тообосу кабыл алынышы үчүн эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.

    4:92
  13. وَمَنْ يَقْتُلْ مُؤْمِنًا مُتَعَمِّدًا فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِدًا فِيهَا وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَابًا عَظِيمًا

    Ким момун адамды атайлап өлтүрсө, анын жазасы түбөлүк тозок! Ага Аллахтын каары жана каргышы жаайт! Аллах ага чоң азапты даярдап койгон!

    4:93
  14. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا ضَرَبْتُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَتَبَيَّنُوا وَلَا تَقُولُوا لِمَنْ أَلْقَىٰ إِلَيْكُمُ السَّلَامَ لَسْتَ مُؤْمِنًا تَبْتَغُونَ عَرَضَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فَعِنْدَ اللَّهِ مَغَانِمُ كَثِيرَةٌ ۚ كَذَٰلِكَ كُنْتُمْ مِنْ قَبْلُ فَمَنَّ اللَّهُ عَلَيْكُمْ فَتَبَيَّنُوا ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا

    О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын жолунда (жихадга) жөнөсөңөр, (кимдин ким экенин) анык билип алгыла. (Коркконунан же урматтаганынан) силерге салам берген адамга, дүйнө жашоосунун (арзыбаган) нерселерин каалап: “Сен ыймандуу эмессиң!”- дебегиле. Аллахтын алдында көп олжолор бар. Мурун өзүңөр ошондой элеңер. Кийин Аллах силерди ардактуу кылды. Эми, (ишиңерди) анык билип жүргүлө! Албетте, Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар.

    4:94
  15. لَا يَسْتَوِي الْقَاعِدُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ غَيْرُ أُولِي الضَّرَرِ وَالْمُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ ۚ فَضَّلَ اللَّهُ الْمُجَاهِدِينَ بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ عَلَى الْقَاعِدِينَ دَرَجَةً ۚ وَكُلًّا وَعَدَ اللَّهُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَفَضَّلَ اللَّهُ الْمُجَاهِدِينَ عَلَى الْقَاعِدِينَ أَجْرًا عَظِيمًا

    Бирөөгө зыянын тийгизбей (жихадга чыкпай) үйүндө отурган момундар менен, Аллахтын жолунда мал-жаны менен жихадка чыккан момундар тең боло албайт. Аллах мал-жаны менен жихад кылуучулардын даражасын үйүндө отургандардан жогору кылды. Бирок, Аллах бардыгына жакшылыкты (бейишти) убада берди. Аллах жихадга чыккандарды үйдө отургандарга карганда көбүрөөк сооптор менен артыкча кылды.

    4:95
  16. دَرَجَاتٍ مِنْهُ وَمَغْفِرَةً وَرَحْمَةً ۚ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

    (Ал улуу сооптор –) Өзүнөн берилчү жогорку даража, кечирим жана ырайым. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

    4:96
  17. إِنَّ الَّذِينَ تَوَفَّاهُمُ الْمَلَائِكَةُ ظَالِمِي أَنْفُسِهِمْ قَالُوا فِيمَ كُنْتُمْ ۖ قَالُوا كُنَّا مُسْتَضْعَفِينَ فِي الْأَرْضِ ۚ قَالُوا أَلَمْ تَكُنْ أَرْضُ اللَّهِ وَاسِعَةً فَتُهَاجِرُوا فِيهَا ۚ فَأُولَٰئِكَ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَسَاءَتْ مَصِيرًا

    (Себепсиз хижрат милдетин аткарбай коюу менен) өздөрүнө залым кылган адамдарга, алардын жанын алуу мезгилинде периштелер: “Кандай абалда жашадыңар?” (эмнеге хижрат кылбадыңар?) дегенде алар (жалгандан): “Биз (бул) жерде алсыз (бечара) болчубуз» - дешет. Анда периштелер: “Аллахтын жери кенен эмес беле?! (Каалаган жериңерге) хижрат кылсаңар болмок?!” - дешет. Андай адамдардын барар жери – тозок! Ал кандай жаман орун!

    4:97
  18. إِلَّا الْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ لَا يَسْتَطِيعُونَ حِيلَةً وَلَا يَهْتَدُونَ سَبِيلًا

    Ал эми, (хижрат кылууга) такыр чамасы келбеген аял, эркек жана балдардан турган алсыз-байкуштарды...

    4:98
  19. فَأُولَٰئِكَ عَسَى اللَّهُ أَنْ يَعْفُوَ عَنْهُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَفُوًّا غَفُورًا

    Аллах балким кечирээр. Аллах Кечиримдүү, күнөөлөрдөн өтүүчү.

    4:99
  20. وَمَنْ يُهَاجِرْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ يَجِدْ فِي الْأَرْضِ مُرَاغَمًا كَثِيرًا وَسَعَةً ۚ وَمَنْ يَخْرُجْ مِنْ بَيْتِهِ مُهَاجِرًا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ ثُمَّ يُدْرِكْهُ الْمَوْتُ فَقَدْ وَقَعَ أَجْرُهُ عَلَى اللَّهِ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

    Ким Аллах жолунда хижрат кылса, жер бетинен көптөгөн баш калкалоочу жайларды жана берекени табат. Ким үйүнөн Аллахтын жана пайгамбарынын жолунда хижрат кылып чыкса жана андан кийин ал өлүмгө учураса, анын сооп-сыйын Аллах (жетип барган адамдын сообундай кылып) берет. Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү.

    4:100

Котормо: Шамсуддин Хакимов