Катталуу, бет 101
-
الَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمْ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ فَتْحٌ مِنَ اللَّهِ قَالُوا أَلَمْ نَكُنْ مَعَكُمْ وَإِنْ كَانَ لِلْكَافِرِينَ نَصِيبٌ قَالُوا أَلَمْ نَسْتَحْوِذْ عَلَيْكُمْ وَنَمْنَعْكُمْ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ ۚ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
Алар (эки жүздүүлөр) силерди аңдып турушат. Эгер (согушта) силерге Аллах тарабынан жеңиш болуп калса (силерге жагынуу жана олжодон бир нерсе алуу үчүн): “Биз силер менен бирге эмес белек?” - дешет. Ал эми, каапырларга (жеңиштен) бир үлүш буюруп калса (аларга): “Биз силерге жардам берип, момундардан коргободук беле?” - дешет. Аллах Кыяматта силердин араңарда Өзү өкүм кылат (кимдин-ким экенин билгизет) жана Аллах эч качан каапырлар үчүн (момундарды толук басып алуусуна) жол бербейт.
4:141 -
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَهُوَ خَادِعُهُمْ وَإِذَا قَامُوا إِلَى الصَّلَاةِ قَامُوا كُسَالَىٰ يُرَاءُونَ النَّاسَ وَلَا يَذْكُرُونَ اللَّهَ إِلَّا قَلِيلًا
Эки жүздүүлөр (өздөрүнчө) Аллахты алдамакчы болушат. Бирок, Аллах өздөрүн «алдап» койот. Жана эгер намазга турчу болушса, жалкоолонуп турушат. Элдин көзүнө көрүнүү үчүн (гана ибадат кылышат). Аллахты өтө аз эскеришет.
4:142 -
مُذَبْذَبِينَ بَيْنَ ذَٰلِكَ لَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ وَلَا إِلَىٰ هَٰؤُلَاءِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا
Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллах кимди адаштырып койсо, сен ага туура жол таба албайсың.
4:143 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا مُبِينًا
О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллах үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы?
4:144 -
إِنَّ الْمُنَافِقِينَ فِي الدَّرْكِ الْأَسْفَلِ مِنَ النَّارِ وَلَنْ تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا
Албетте, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың.
4:145 -
إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَاعْتَصَمُوا بِاللَّهِ وَأَخْلَصُوا دِينَهُمْ لِلَّهِ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَسَوْفَ يُؤْتِ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ أَجْرًا عَظِيمًا
Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллахка жалбарышса жана ибадаттарын Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (Дүйнө-Акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллах момундарга тез арада чоң соопторду берет.
4:146 -
مَا يَفْعَلُ اللَّهُ بِعَذَابِكُمْ إِنْ شَكَرْتُمْ وَآمَنْتُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ شَاكِرًا عَلِيمًا
Эгер ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар, Аллах силерди эмне үчүн азапка салат?! Аллах Шүгүр кылуучу, Билүүчү.
4:147
Котормо: Шамсуддин Хакимов