Сүрө 4 Ниса

  1. وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَىٰ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ رَأَيْتَ الْمُنَافِقِينَ يَصُدُّونَ عَنْكَ صُدُودًا

    Эгер аларга “Аллах түшүргөн нерсеге (Куранга) жана пайгамбарга (Сүннөткө) келгиле” деп айтылса , алар, эки жүздүүлөр сенден чечкиндүү бурулуп баратканын көрөсүң.

    4:61
  2. فَكَيْفَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ثُمَّ جَاءُوكَ يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنْ أَرَدْنَا إِلَّا إِحْسَانًا وَتَوْفِيقًا

    Эми, аларга,ошол жасаган күнөөлөрү себептүү (Аллах тарабынан) бир кайгы жеткен соң, сага келип: “Кудай акы, биз бул ишибиз менен жакшылыкты жана оңдоону гана каалаганбыз”- деп (актанып) ант ичишкендери эмнеси?!

    4:62
  3. أُولَٰئِكَ الَّذِينَ يَعْلَمُ اللَّهُ مَا فِي قُلُوبِهِمْ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُلْ لَهُمْ فِي أَنْفُسِهِمْ قَوْلًا بَلِيغًا

    (Бирок), Аллах алардын жүрөктөрүндөгү (ыпылас) нерсени билет. Аларга көңүл бурбай эле кой. Алардын өздөрүнө (адашкандыктарын) жеткире сүйлөп, (Аллахтын өкүмдөрүнүн абзелдиги жөнүндө) насаат айт.

    4:63
  4. وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ رَسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ وَلَوْ أَنَّهُمْ إِذْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ جَاءُوكَ فَاسْتَغْفَرُوا اللَّهَ وَاسْتَغْفَرَ لَهُمُ الرَّسُولُ لَوَجَدُوا اللَّهَ تَوَّابًا رَحِيمًا

    Биз ар бир пайгамбарды, Аллахтын уруксаты менен Ага моюн сунулуусу үчүн жибердик. Эгерде алар (тагутка өкүм сурап баруу менен) өздөрүнө залым кылып алган кезде (жалгандан ант ичпей,) сага келип, Аллахтан кечирим сурашса жана пайгамбар дагы алардын күнөөсүн кечирүүсүн сурап Аллахка дуба кылганда, Аллахты, тооболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү абалда табат эле.

    4:64
  5. فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

    «Жок, Раббиңе ант, (Оо Мухаммад) алар өз ара талаш-тартышууларына сени өкүмдар кылмайынча жана сенин өкүмүңө, жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча (толук) ыймандуу боло алышпайт»

    4:65
  6. وَلَوْ أَنَّا كَتَبْنَا عَلَيْهِمْ أَنِ اقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ أَوِ اخْرُجُوا مِنْ دِيَارِكُمْ مَا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٌ مِنْهُمْ ۖ وَلَوْ أَنَّهُمْ فَعَلُوا مَا يُوعَظُونَ بِهِ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ وَأَشَدَّ تَثْبِيتًا

    Эгер Биз аларга (пенделерге): “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же болбосо “Журтуңарды таштап чыккыла” деп, (ушул иштерди) парз кылганыбызда, аны бир ууч (ыйманы күчтүү) адамдардан башкалары аткарбайт эле. Эгер алар айтылган нерсени аткарышса өздөрүнө жакшы болмок, жана (ыймандары) дагы бекемирээк болмок.

    4:66
  7. وَإِذًا لَآتَيْنَاهُمْ مِنْ لَدُنَّا أَجْرًا عَظِيمًا

    Анда Биз аларга Өз алдыбыздан чоң сооп-сый бермекпиз

    4:67
  8. وَلَهَدَيْنَاهُمْ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا

    жана аларды туура жолго багыттап коймокпуз.

    4:68
  9. وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَالرَّسُولَ فَأُولَٰئِكَ مَعَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ وَالصِّدِّيقِينَ وَالشُّهَدَاءِ وَالصَّالِحِينَ ۚ وَحَسُنَ أُولَٰئِكَ رَفِيقًا

    Кимде-ким Аллахка жана пайгамбарга моюн сунса, ошолор гана (бейиштин эң жогорку даражасында) пайгамбарлар, чыныгы ыймандуулар, шейиттер жана салих (эң таза ыймандуу) адамдардан турган Аллах сыйлаган кишилер менен бирге болот. Алар - эң сонун шериктер!

    4:69
  10. ذَٰلِكَ الْفَضْلُ مِنَ اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ عَلِيمًا

    Бул - Аллахтын артыкчылыгы. (Ким көбүрөөк соопко ээ болгонун) билүү жаатынан Аллах жетиштүү.

    4:70
  11. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا خُذُوا حِذْرَكُمْ فَانْفِرُوا ثُبَاتٍ أَوِ انْفِرُوا جَمِيعًا

    О, ыйман келтиргендер! (Душмандардын күчүнөн, айла-амалынан) сактык чараларын көргүлө! Жана (Согуш башталып калса) топ-топко бөлүнүп, же болбосо (шартка карап) бардыгыңар чогуу чыккыла!

    4:71
  12. وَإِنَّ مِنْكُمْ لَمَنْ لَيُبَطِّئَنَّ فَإِنْ أَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةٌ قَالَ قَدْ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيَّ إِذْ لَمْ أَكُنْ مَعَهُمْ شَهِيدًا

    Албетте, силердин араңарда (коркоктугунан, ыйманы алсыздыгынан улам, жихаддан) кетенчиктегендер да бар. Эгер (согушта) силерди кайгы басып (жеңилип, кээ бирөөңөр өлүп) калса, алар: “Аллах мени, алар менен бирге шейит кылып жибербей сыйлады” - дешет.

    4:72
  13. وَلَئِنْ أَصَابَكُمْ فَضْلٌ مِنَ اللَّهِ لَيَقُولَنَّ كَأَنْ لَمْ تَكُنْ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُ مَوَدَّةٌ يَا لَيْتَنِي كُنْتُ مَعَهُمْ فَأَفُوزَ فَوْزًا عَظِيمًا

    Эгерде силерге Аллахтын артыкчылыгы (жеңиш) жетип калса, деги эле, (мурда) силер менен анын арасында достук болбогондой (силерди тааныбагандай): “Аттиң ай десе, мен да алар менен бирге болуп калсам, улуу жеңишке (жана көп олжолорго) жетмек экенмин”- дешет.

    4:73
  14. فَلْيُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ الَّذِينَ يَشْرُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا بِالْآخِرَةِ ۚ وَمَنْ يُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَيُقْتَلْ أَوْ يَغْلِبْ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًا

    Аллахтын жолунда, бул (оопасыз) дүйнөнүн ордуна (түбөлүк) Акыретти сатып ала тургандар согушсун! Кимде-ким Аллахтын жолунда согушуп, өлтүрүлсө же жеңип чыкса, Биз ага жакында чоң соопторду беребиз.

    4:74
  15. وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيًّا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيرًا

    (О, мусулмандар!) Силерге эмне болду? Аллахтын жолунда жана (душмандын залымынан) бечара-байкуш болуп (айласыз абалда) калган эркектер, аялдар жана бөбөктөрдүн ( азаттыгы) жолунда согушпай жатасыңар?! Алар: “О, Рабби! Бизди мына бул элдери (кожоюну) залым болгон шаардан (аман-эсен) чыгарып жибер! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир (куткаруучу) досту жана жардамчыны жибер?!” - деп зарлап жатышат го!

    4:75
  16. الَّذِينَ آمَنُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ الطَّاغُوتِ فَقَاتِلُوا أَوْلِيَاءَ الشَّيْطَانِ ۖ إِنَّ كَيْدَ الشَّيْطَانِ كَانَ ضَعِيفًا

    Ыймандуу адамдар Аллахтын жолунда согушат. Каапыр адамдар тагуттун (шайтандын) жолунда согушат. Силер (о, момундар) шайтандын тарапкерлерине каршы согушкула. (Жана билгиле) шайтандын айласы (дайыма) алсыз.

    4:76
  17. أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوا أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ يَخْشَوْنَ النَّاسَ كَخَشْيَةِ اللَّهِ أَوْ أَشَدَّ خَشْيَةً ۚ وَقَالُوا رَبَّنَا لِمَ كَتَبْتَ عَلَيْنَا الْقِتَالَ لَوْلَا أَخَّرْتَنَا إِلَىٰ أَجَلٍ قَرِيبٍ ۗ قُلْ مَتَاعُ الدُّنْيَا قَلِيلٌ وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ لِمَنِ اتَّقَىٰ وَلَا تُظْلَمُونَ فَتِيلًا

    (О, Мухаммад!) Тиги кишилерди(н коркоктугун) карабайсыңбы? Аларга (Меккеде) “Согуштан колуңарды тарткыла, намазыңарды окуп, зекет берип (тынч) жүргүлө” - деп айтылганда (“Бул өкүмгө кошумча жихад кылууга да буйрук берилсе экен. Аллахтын душмандарынан өч алсак” деп, жихадды самап жүрүшкөн. Кийин) аларга (мушриктерге каршы) согуш парз кылынган кезде, капыстан алардын арасындагы бир жамаат, адамдардан (мушриктерден) Аллахтан корккондой жана андан да катуурак коркуп кетишти жана: “О, Раббибиз! Эмнеге согушту парз кылдың экен? Бизге (согушту) жакынкы мөөнөттөргө чейин кечиктире турсаң болбойт беле?” - дешти. Сен аларга: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба кишилер үчүн Акырет жакшы жана силерге (ал жерде) данектин чел кабыгынча да залым кылынбайт” - деп айткын.

    4:77
  18. أَيْنَمَا تَكُونُوا يُدْرِكْكُمُ الْمَوْتُ وَلَوْ كُنْتُمْ فِي بُرُوجٍ مُشَيَّدَةٍ ۗ وَإِنْ تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌ يَقُولُوا هَٰذِهِ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۖ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَقُولُوا هَٰذِهِ مِنْ عِنْدِكَ ۚ قُلْ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۖ فَمَالِ هَٰؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثًا

    Кайсы жерде болcоңор да өлүм силерге жетет. Жадагалса (дубалдары) бекемделген сарайларда болсоңор да. Эгер (согушта) силерге жакшылык жетсе (жанагы акылы чолок, ыйманы күчсүздөр) “Бул - Аллахтан дешет. Ал эми, эгер жамандык жетсе (каапырлар сыяктуу ырым-жырым кылып): “Бул - сенден” дешет. Сен аларга: “Бардыгы Аллахтан” - деп айткын. Бул адамдарга эмне болгон, эч бир сөздү туура түшүнүшпөйт?!

    4:78
  19. مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللَّهِ ۖ وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ ۚ وَأَرْسَلْنَاكَ لِلنَّاسِ رَسُولًا ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا

    Сага кандай (диний же дүйнөлүк) жакшылык болсо - ал Аллахтан. Жана сага эмне жамандык болсо - бул өзүңдөн. (О, Мухаммад!) Биз сени адамдарга (ушул нерселерди жеткирсин деп) элчи кылып жибердик. Аллах жетиштүү Күбө.

    4:79
  20. مَنْ يُطِعِ الرَّسُولَ فَقَدْ أَطَاعَ اللَّهَ ۖ وَمَنْ تَوَلَّىٰ فَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا

    Ким пайгамбарга моюн сунса, демек Аллахка моюн сунуптур. Ким моюн сунбаса (өзүнө зыян). Биз сени аларга кароол кылып жиберген эмеспиз.

    4:80

Котормо: Шамсуддин Хакимов