Сүрө 4 Ниса
-
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالًا كَثِيرًا وَنِسَاءً ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي تَسَاءَلُونَ بِهِ وَالْأَرْحَامَ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَيْكُمْ رَقِيبًا
О, адамдар! Раббиңерден корккула! Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратып, андан (анын кабыргасынан) жубайын жаратып, анан ал экөөсүнөн көп аял-эркектерди таратты. Жана Аны(н ысымы) менен бири-бириңерден нерсе сурай турган Аллахтан корккула жана тууган-уруктардан (алыстап кетүүдөн) абайлагыла. Албетте, Аллах силерди Көзөмөлдөөчү.
4:1 -
وَآتُوا الْيَتَامَىٰ أَمْوَالَهُمْ ۖ وَلَا تَتَبَدَّلُوا الْخَبِيثَ بِالطَّيِّبِ ۖ وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَهُمْ إِلَىٰ أَمْوَالِكُمْ ۚ إِنَّهُ كَانَ حُوبًا كَبِيرًا
(О, ыймандуулар!) Жетимдерге өз малдарын бергиле. Ыпылас нерсени тазага алмаштырбагыла жана алардын малын өз малыңарга кошуп жебегиле. Анткени, ал - чоң күнөө!
4:2 -
وَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تُقْسِطُوا فِي الْيَتَامَىٰ فَانْكِحُوا مَا طَابَ لَكُمْ مِنَ النِّسَاءِ مَثْنَىٰ وَثُلَاثَ وَرُبَاعَ ۖ فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تَعْدِلُوا فَوَاحِدَةً أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ۚ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰ أَلَّا تَعُولُوا
Эгер, жетимдерге адилеттик кыла албай калуудун корксоңор, (аларды жөн коюп) өзүңөргө жаккан (башка) аялдардан экөөнү, үчөөнү жана төртөөнү никеңерге ала бергиле. Эгер адилеттик кыла албай калуудан корксоңор, анда бирөөсү (менен) же болбосо, кол астыңардагы мүлкүңөр - күң аялдарыңар (менен чектелгиле). Ушул силердин зулумдукка жол бербешиңер үчүн эң жакын (амал).
4:3 -
وَآتُوا النِّسَاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةً ۚ فَإِنْ طِبْنَ لَكُمْ عَنْ شَيْءٍ مِنْهُ نَفْسًا فَكُلُوهُ هَنِيئًا مَرِيئًا
Аялдарга (үйлөнүп жатканыңарда) махыр мүлкүн ичи тардык кылбай (ак пейилден) бергиле. Эгер силерге махыр мүлкүнөн бир нерсени ак пейилинен, өзү ыраазы болуп берсе, жей бергиле - аш болсун.
4:4 -
وَلَا تُؤْتُوا السُّفَهَاءَ أَمْوَالَكُمُ الَّتِي جَعَلَ اللَّهُ لَكُمْ قِيَامًا وَارْزُقُوهُمْ فِيهَا وَاكْسُوهُمْ وَقُولُوا لَهُمْ قَوْلًا مَعْرُوفًا
(Түпкүлүгү жетимдердин мурас мүлкү болгон, бирок, силер убактылуу иштетип турган) мал-мүлкүңөрдү акылы толук эместерге карматпагыла. Ал мүлктү Аллах силер (жана жетимдер) үчүн турмуш тиреги кылып койду. Жана ал мүлктөн жетимдерди жедирип-ичирип, кийинткиле. Жана аларга ширин сөз сүйлөгүлө.
4:5 -
وَابْتَلُوا الْيَتَامَىٰ حَتَّىٰ إِذَا بَلَغُوا النِّكَاحَ فَإِنْ آنَسْتُمْ مِنْهُمْ رُشْدًا فَادْفَعُوا إِلَيْهِمْ أَمْوَالَهُمْ ۖ وَلَا تَأْكُلُوهَا إِسْرَافًا وَبِدَارًا أَنْ يَكْبَرُوا ۚ وَمَنْ كَانَ غَنِيًّا فَلْيَسْتَعْفِفْ ۖ وَمَنْ كَانَ فَقِيرًا فَلْيَأْكُلْ بِالْمَعْرُوفِ ۚ فَإِذَا دَفَعْتُمْ إِلَيْهِمْ أَمْوَالَهُمْ فَأَشْهِدُوا عَلَيْهِمْ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ حَسِيبًا
Жетимдерди нике (балакат) жашына жеткенге чейин текшерип (сынап) көргүлө. Эгер алардан акылы толушкандыкты көрсөңөр, (бардык) малдарын колуна тапшыргыла жана алар чоңойгуча шашылып, ысырап кылып жеп койбогула! Ким бай болсо, (жетимдердин малын сактап бергени үчүн кызмат акы жештен) өзүн тыйсын. Ал эми, ким кембагал болсо, жакшылык менен (жетимдерди ыраазы кылып) жесин. Аларга мал-мүлкүн кайтарып жатканда күбөлөрдү койгула. Эсептешүүчүлүк боюнча Аллах жетиштүү.
4:6 -
لِلرِّجَالِ نَصِيبٌ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ وَلِلنِّسَاءِ نَصِيبٌ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ مِمَّا قَلَّ مِنْهُ أَوْ كَثُرَ ۚ نَصِيبًا مَفْرُوضًا
Ата-энеси жана жакындары калтырган (мурас) нерседен эркектерге үлүш бар. (Ошондой эле,) Ата-энеси жана жакындар калтырган мурастан аялдарга да үлүш бар. Бул мурас азбы же көппү, Аллах парыз кылган үлүш абалында (бөлүнөт).
4:7 -
وَإِذَا حَضَرَ الْقِسْمَةَ أُولُو الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينُ فَارْزُقُوهُمْ مِنْهُ وَقُولُوا لَهُمْ قَوْلًا مَعْرُوفًا
Эгер мурас бөлүштүрүү(нүн үстүн)дө (мураскор эмес) тууган-уруктар, жетимдер жана жакырлар болуп калса, аларга да мурастан ырыс-кешик бергиле жана аларга ширин сөздөрдөн сүйлөгүлө.
4:8 -
وَلْيَخْشَ الَّذِينَ لَوْ تَرَكُوا مِنْ خَلْفِهِمْ ذُرِّيَّةً ضِعَافًا خَافُوا عَلَيْهِمْ فَلْيَتَّقُوا اللَّهَ وَلْيَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا
(Өлүмгө бет алган кишинин алдында турган) адамдар эгер артында алсыз (мурастан куржалак) перзенттерди калтырышса (жана алардын абалынан кабатыр болушса, демек, өлүп бараткан адамдын перзенттеринин абалынан да) кабатыр болушсун. Жана Аллахтан коркуп, (өлүмгө бет алган кишиге) жакшы сөздөрдү насаат кылышсын.
4:9 -
إِنَّ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَالَ الْيَتَامَىٰ ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ نَارًا ۖ وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًا
Жетимдердин малын зулумдук-кыянаттык менен жеген адамдар курсактарына от жеген менен барабар. Алар тез күндө тозокко ташталат.
4:10 -
يُوصِيكُمُ اللَّهُ فِي أَوْلَادِكُمْ ۖ لِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ الْأُنْثَيَيْنِ ۚ فَإِنْ كُنَّ نِسَاءً فَوْقَ اثْنَتَيْنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَ ۖ وَإِنْ كَانَتْ وَاحِدَةً فَلَهَا النِّصْفُ ۚ وَلِأَبَوَيْهِ لِكُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا السُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِنْ كَانَ لَهُ وَلَدٌ ۚ فَإِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُ وَلَدٌ وَوَرِثَهُ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ الثُّلُثُ ۚ فَإِنْ كَانَ لَهُ إِخْوَةٌ فَلِأُمِّهِ السُّدُسُ ۚ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِي بِهَا أَوْ دَيْنٍ ۗ آبَاؤُكُمْ وَأَبْنَاؤُكُمْ لَا تَدْرُونَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ لَكُمْ نَفْعًا ۚ فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا
Аллах перзенттериңер жөнүндө, эркек бала үчүн эки кыздын үлүшүнчө (мурас бөлүштүрүүнү) осуят кылат. Эгер алар (атадан мурас алуучу перзенттер) экиден ашык аялдар болсо, анда аларга (атасы) калтырган мурастан үчтөн эки бөлүгү, а эгер (мураскор) жалгыз кыз болсо, ага тең жарымы тиет. Эгер анын (мурас калтыруучунун) перзенти бар болсо, анда ата-энесинин ар бирине, ал калтырган мурастан алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер анын перзенти болбой, ата-энеси гана мураскор болушса, анда апасына үчтөн бири (калганынын бардыгы атасына) тиет. Эгер анын ага-инилери (же эже-сиңдилери) болсо, анда, апасына алтыдан бири, (калганынын баары атасына) тиет. (Ушул бөлүштүрүүлөр) маркум тарабынан айтылган осуят-керээзден кийин же болбосо маркумдун карыздарын төлөгөндөн кийин гана аткарылат. (Өз акылыңарга койсо) силер ата-энеңер менен бала-чакаңардын кай бири силерге пайдалуураак экенин билбейсиңер. (Ошондуктан мурас маселеси) Аллах тарабынан парыз кылып (дайындалып, белгиленип) коюлду. Албетте, Аллах – Билүүчү, Даанышман.
4:11 -
وَلَكُمْ نِصْفُ مَا تَرَكَ أَزْوَاجُكُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُنَّ وَلَدٌ ۚ فَإِنْ كَانَ لَهُنَّ وَلَدٌ فَلَكُمُ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْنَ ۚ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِينَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ ۚ وَلَهُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَكُمْ وَلَدٌ ۚ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ وَلَدٌ فَلَهُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُمْ ۚ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ تُوصُونَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ ۗ وَإِنْ كَانَ رَجُلٌ يُورَثُ كَلَالَةً أَوِ امْرَأَةٌ وَلَهُ أَخٌ أَوْ أُخْتٌ فَلِكُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا السُّدُسُ ۚ فَإِنْ كَانُوا أَكْثَرَ مِنْ ذَٰلِكَ فَهُمْ شُرَكَاءُ فِي الثُّلُثِ ۚ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصَىٰ بِهَا أَوْ دَيْنٍ غَيْرَ مُضَارٍّ ۚ وَصِيَّةً مِنَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٌ
Силерге (өлгөн) аялыңар калтырган нерсенин-эгер алардын балдары болбосо-тең жарымы. Эгер алардын (уулбу же кызбы, өзүнүнбү же уул-кызынынбы) балдары калган болсо, анда, (ал калтырган) осуяттан кийин же болбосо анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин силерге аялыңар калтырган мүлктүн төрттөн бири тиет. Жана силер (өлгөнүңөрдөн кийин) калтырган мурастан аялдарыңарга - эгер силерден бала калбаган болсо - төрттөн бири тиет. Эгер силерден бала калган болсо, - силердин осуятыңардан жана карызыңар төлөнгөндөн кийин - аялдарыңарга силер калтырган мурастан сегизден бири тиет. Ал эми, мурас калтырып жаткан эркек же аял жалгыз киши болсо, жана анын (эне тараптан) ага-иниси же эже-сиңдиси болсо, алардын ар бирине алтыдан бир бөлүктөн тиет. Эми, алар мындан (бирден) көп болушса, алардын бардыгы үчтөн бирден шерик болушат. (Бул бөлүштүрүү) мураскорлордун эч бирине зулум кылынбай айтылган осуяттан кийин жана анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин болот. Аллах – Билүүчү, Жумшак.
4:12 -
تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ يُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Ушулар Аллахтын чектери (аны бузбагыла!) Эми, ким Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунса, (Аллах) аны түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет (жана) анда түбөлүк калат. Бул – чоң жеңиш!
4:13 -
وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُ يُدْخِلْهُ نَارًا خَالِدًا فِيهَا وَلَهُ عَذَابٌ مُهِينٌ
Ал эми, ким Аллахка жана пайгамбарына (каапыр болуу менен толук) күнөө кылса жана Аллахтын чектеринен чыкса, аны түбөлүк кала турган тозокко киргизет. Ага кор кылуучу азап бар.
4:14 -
وَاللَّاتِي يَأْتِينَ الْفَاحِشَةَ مِنْ نِسَائِكُمْ فَاسْتَشْهِدُوا عَلَيْهِنَّ أَرْبَعَةً مِنْكُمْ ۖ فَإِنْ شَهِدُوا فَأَمْسِكُوهُنَّ فِي الْبُيُوتِ حَتَّىٰ يَتَوَفَّاهُنَّ الْمَوْتُ أَوْ يَجْعَلَ اللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلًا
(О, ыймандуулар) зайыптарыңардын арасында бузукулук (зынаа) кылгандары болсо, аларга өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбө алып келгиле. Эгер алар (анык далилдер менен) күбөлүккө өтсө, аларды ажал алып кеткенге чейин же болбосо, Аллах аларга (бул жазадан башка жазалоочу) жол көрсөткөнгө чейин үйлөргө камап койгула.
4:15 -
وَاللَّذَانِ يَأْتِيَانِهَا مِنْكُمْ فَآذُوهُمَا ۖ فَإِنْ تَابَا وَأَصْلَحَا فَأَعْرِضُوا عَنْهُمَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ تَوَّابًا رَحِيمًا
Силерден (эркек-аялдардан) экөө ушуну (зынааны) жасаган болсо, ал экөөнүн сазайын бергиле. Анан эгер тообосуна таянып оңолсо, алардан жүз бургула (жазаны токтоткула). Албетте, Аллах тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүү.
4:16 -
إِنَّمَا التَّوْبَةُ عَلَى اللَّهِ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السُّوءَ بِجَهَالَةٍ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِنْ قَرِيبٍ فَأُولَٰئِكَ يَتُوبُ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
Албетте, Аллахтын тооболорду кечирүүсү күнөө ишти билбестен жасап алып, кийин дароо тообо келтирген кишилерге арналган. Аллах андай адамдардын тообосун кабыл алат. Аллах Билүүчү, Даанышман.
4:17 -
وَلَيْسَتِ التَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ حَتَّىٰ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ إِنِّي تُبْتُ الْآنَ وَلَا الَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمْ كُفَّارٌ ۚ أُولَٰئِكَ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا
Ал эми, күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм (жазасы) келгенде гана “Мен эми тообо кылдым!” дей турган адамдарга жана каапыр бойдон өлүп кетүүчүлөрдүн тооболору кабыл алынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз.
4:18 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا يَحِلُّ لَكُمْ أَنْ تَرِثُوا النِّسَاءَ كَرْهًا ۖ وَلَا تَعْضُلُوهُنَّ لِتَذْهَبُوا بِبَعْضِ مَا آتَيْتُمُوهُنَّ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ ۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ ۚ فَإِنْ كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰ أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَيَجْعَلَ اللَّهُ فِيهِ خَيْرًا كَثِيرًا
О, ыйман келтиргендер! Силер үчүн (өлгөн жакыныңардын никесинде болгон) аялдарды (алар каалабаса да) мажбурлап мурас-мүлк кылып алуу адал болбойт. Жана силер (эгер аялыңарды сүйбөй калсаңар), берген махырыңардын бир бөлүгүн алып, (силерден ажырап) кетишине тоскоол болбогула. Ал эми, качан бир анык бузук иш (зына) жасаганда гана (махырыңарды кайрып алуу үчүн аларга тоскоолдук кылсаңар болот). Аялдар менен сылык-сыпаа жашагыла. Эгер аларды жаман көрүп калсаңар(да катуу тийбегиле. Анткени), Аллах силер жаман көргөн нерседе көп жакшылыктарды катып койгон болушу мүмкүн.
4:19 -
وَإِنْ أَرَدْتُمُ اسْتِبْدَالَ زَوْجٍ مَكَانَ زَوْجٍ وَآتَيْتُمْ إِحْدَاهُنَّ قِنْطَارًا فَلَا تَأْخُذُوا مِنْهُ شَيْئًا ۚ أَتَأْخُذُونَهُ بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُبِينًا
(О, ыймандуулар!) Эгер (талагын берген) аялдын ордуна башкасына үйлөнүүнү кааласаңар жана алардын бирине (ажырашып жатканыңарга) өтө көп мал-мүлктү (махыр кылып) берген болсоңор, ал махырдан эч нерсе алып калбагыла. Эмне, силер аны доомат жана анык күнөө (кылуу) менен аласыңарбы?!
4:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов