Катталуу, бет 91
-
مَنْ يُطِعِ الرَّسُولَ فَقَدْ أَطَاعَ اللَّهَ ۖ وَمَنْ تَوَلَّىٰ فَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا
Ким пайгамбарга моюн сунса, демек Аллахка моюн сунуптур. Ким моюн сунбаса (өзүнө зыян). Биз сени аларга кароол кылып жиберген эмеспиз.
4:80 -
وَيَقُولُونَ طَاعَةٌ فَإِذَا بَرَزُوا مِنْ عِنْدِكَ بَيَّتَ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ غَيْرَ الَّذِي تَقُولُ ۖ وَاللَّهُ يَكْتُبُ مَا يُبَيِّتُونَ ۖ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
(Сенин алдыңда) “Моюн сундук” дешет. Ал эми сенден чыгаар замат, алардын бир тайпалары (түнү менен «айнып») сага айтканынын тескерисин сүйлөп калышат. Аллах алардын (түнкү) сүйлөшүүлөрүн жазып койот. Cен алардан жүз буруп, Аллахка гана таянгын! Аллах жетиштүү таяныч.
4:81 -
أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ الْقُرْآنَ ۚ وَلَوْ كَانَ مِنْ عِنْدِ غَيْرِ اللَّهِ لَوَجَدُوا فِيهِ اخْتِلَافًا كَثِيرًا
«Алар Куранды терең акыл калчап окушпайбы?! Эгер Куран Аллахтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле го».
4:82 -
وَإِذَا جَاءَهُمْ أَمْرٌ مِنَ الْأَمْنِ أَوِ الْخَوْفِ أَذَاعُوا بِهِ ۖ وَلَوْ رَدُّوهُ إِلَى الرَّسُولِ وَإِلَىٰ أُولِي الْأَمْرِ مِنْهُمْ لَعَلِمَهُ الَّذِينَ يَسْتَنْبِطُونَهُ مِنْهُمْ ۗ وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ لَاتَّبَعْتُمُ الشَّيْطَانَ إِلَّا قَلِيلًا
Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак. Эгер силерге Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо, азыңардан башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар.
4:83 -
فَقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ لَا تُكَلَّفُ إِلَّا نَفْسَكَ ۚ وَحَرِّضِ الْمُؤْمِنِينَ ۖ عَسَى اللَّهُ أَنْ يَكُفَّ بَأْسَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ وَاللَّهُ أَشَدُّ بَأْسًا وَأَشَدُّ تَنْكِيلًا
(О, Мухаммад!) Аллахтын жолунда (оболу) өзүң согушкун. Эч кимди эмес, өзүңдү гана согушка буйру жана момундарды, шыктандыр. Ошондо Аллах (чечкиндүү согуштук аракетиңер себептүү) каапырларды кубатынан арылтып коюусу мүмкүн. Аллахтын кубаты күчтүү, азабы катуу.
4:84 -
مَنْ يَشْفَعْ شَفَاعَةً حَسَنَةً يَكُنْ لَهُ نَصِيبٌ مِنْهَا ۖ وَمَنْ يَشْفَعْ شَفَاعَةً سَيِّئَةً يَكُنْ لَهُ كِفْلٌ مِنْهَا ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ مُقِيتًا
Ким жакшы тарапка жардам берсе, ага ошол жакшылыктан үлүш тиет. Ким жаман тарапка жардам берсе ага ошол жамандыктан үлүш тиет. Аллах бардык нерсеге Көзөмөл кылуучу.
4:85 -
وَإِذَا حُيِّيتُمْ بِتَحِيَّةٍ فَحَيُّوا بِأَحْسَنَ مِنْهَا أَوْ رُدُّوهَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ حَسِيبًا
Силерге качан салам (же салам сыяктуу сөз же белги) берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып жооп кайтаргыла. Аллах бардык нерсени Эсептөөчү.
4:86
Котормо: Шамсуддин Хакимов