Сүрө 4 Ниса, аят 100
-
وَمَنْ يُهَاجِرْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ يَجِدْ فِي الْأَرْضِ مُرَاغَمًا كَثِيرًا وَسَعَةً ۚ وَمَنْ يَخْرُجْ مِنْ بَيْتِهِ مُهَاجِرًا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ ثُمَّ يُدْرِكْهُ الْمَوْتُ فَقَدْ وَقَعَ أَجْرُهُ عَلَى اللَّهِ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا
Ким Аллах жолунда хижрат кылса, жер бетинен көптөгөн баш калкалоочу жайларды жана берекени табат. Ким үйүнөн Аллахтын жана пайгамбарынын жолунда хижрат кылып чыкса жана андан кийин ал өлүмгө учураса, анын сооп-сыйын Аллах (жетип барган адамдын сообундай кылып) берет. Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:100
Котормо: Шамсуддин Хакимов