Катталуу, бет 600

  1. وَحُصِّلَ مَا فِي الصُّدُورِ

    Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда…

    100:10
  2. إِنَّ رَبَّهُمْ بِهِمْ يَوْمَئِذٍ لَخَبِيرٌ

    Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?!

    100:11
  3. الْقَارِعَةُ

    Кориьа!

    101:1
  4. مَا الْقَارِعَةُ

    Кориьа эмне өзү?!

    101:2
  5. وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْقَارِعَةُ

    (Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!

    101:3
  6. يَوْمَ يَكُونُ النَّاسُ كَالْفَرَاشِ الْمَبْثُوثِ

    Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.

    101:4
  7. وَتَكُونُ الْجِبَالُ كَالْعِهْنِ الْمَنْفُوشِ

    Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!

    101:5
  8. فَأَمَّا مَنْ ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ

    Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,

    101:6
  9. فَهُوَ فِي عِيشَةٍ رَاضِيَةٍ

    ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.

    101:7
  10. وَأَمَّا مَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ

    Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,

    101:8
  11. فَأُمُّهُ هَاوِيَةٌ

    анын энеси – «Хаавия!»

    101:9
  12. وَمَا أَدْرَاكَ مَا هِيَهْ

    (Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.

    101:10
  13. نَارٌ حَامِيَةٌ

    Ал – катуу кызытылган тозок!

    101:11
  14. أَلْهَاكُمُ التَّكَاثُرُ

    (Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду!

    102:1
  15. حَتَّىٰ زُرْتُمُ الْمَقَابِرَ

    Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин.

    102:2
  16. كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ

    Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар!

    102:3
  17. ثُمَّ كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ

    Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сот-сурак учурунда) билип аласыңар!

    102:4
  18. كَلَّا لَوْ تَعْلَمُونَ عِلْمَ الْيَقِينِ

    Андай эмес, Эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер).

    102:5
  19. لَتَرَوُنَّ الْجَحِيمَ

    (Эми) тозокту көрүшүңөр анык!

    102:6
  20. ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيْنَ الْيَقِينِ

    Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр!

    102:7
  21. ثُمَّ لَتُسْأَلُنَّ يَوْمَئِذٍ عَنِ النَّعِيمِ

    Андан соң, ошол күнү (Аллах аманатка берген) нээматтар жөнүндө албетте сураласыңар!

    102:8

Котормо: Шамсуддин Хакимов