Катталуу, бет 601

  1. وَالْعَصْرِ

    Асырга ант!

    103:1
  2. إِنَّ الْإِنْسَانَ لَفِي خُسْرٍ

    Албетте, (ар бир) инсан зыянда!

    103:2
  3. إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَتَوَاصَوْا بِالْحَقِّ وَتَوَاصَوْا بِالصَّبْرِ

    Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес).

    103:3
  4. وَيْلٌ لِكُلِّ هُمَزَةٍ لُمَزَةٍ

    Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун!

    104:1
  5. الَّذِي جَمَعَ مَالًا وَعَدَّدَهُ

    Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди.

    104:2
  6. يَحْسَبُ أَنَّ مَالَهُ أَخْلَدَهُ

    Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт.

    104:3
  7. كَلَّا ۖ لَيُنْبَذَنَّ فِي الْحُطَمَةِ

    Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат!

    104:4
  8. وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْحُطَمَةُ

    (Оо, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң.

    104:5
  9. نَارُ اللَّهِ الْمُوقَدَةُ

    (Ал) Аллахтын алоолонгон тозогу,

    104:6
  10. الَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى الْأَفْئِدَةِ

    (Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган!

    104:7
  11. إِنَّهَا عَلَيْهِمْ مُؤْصَدَةٌ

    Чынында, ал (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган.

    104:8
  12. فِي عَمَدٍ مُمَدَّدَةٍ

    (Эшиктери) узун устундарда (бекемделген).

    104:9
  13. أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصْحَابِ الْفِيلِ

    (Оо, Мухаммад!) Раббиң пил ээлерин эмне кылганын билбедиңби!

    105:1
  14. أَلَمْ يَجْعَلْ كَيْدَهُمْ فِي تَضْلِيلٍ

    (Раббиң) алардын (Каабаны бузуп салуу үчүн ойлогон) айла-амалдарын текке кетирбедиби?

    105:2
  15. وَأَرْسَلَ عَلَيْهِمْ طَيْرًا أَبَابِيلَ

    Жана аларга каршы топ-топ куштарды жиберди.

    105:3
  16. تَرْمِيهِمْ بِحِجَارَةٍ مِنْ سِجِّيلٍ

    (Куштар чеңгелиндеги) чопо-таштар менен аларды ташбараңга алышты.

    105:4
  17. فَجَعَلَهُمْ كَعَصْفٍ مَأْكُولٍ

    (Аллах) аларды мойсолгон жалбырактай кылып койду!

    105:5

Котормо: Шамсуддин Хакимов