Сүрө 100 Аадият

  1. وَالْعَادِيَاتِ ضَبْحًا

    Алкынып чуркаган тулпарларга ант!

    100:1
  2. فَالْمُورِيَاتِ قَدْحًا

    (Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант!

    100:2
  3. فَالْمُغِيرَاتِ صُبْحًا

    Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант!

    100:3
  4. فَأَثَرْنَ بِهِ نَقْعًا

    Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты.

    100:4
  5. فَوَسَطْنَ بِهِ جَمْعًا

    Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди.

    100:5
  6. إِنَّ الْإِنْسَانَ لِرَبِّهِ لَكَنُودٌ

    Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр!

    100:6
  7. وَإِنَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٌ

    Буга анын өзү деле күбөдүр!

    100:7
  8. وَإِنَّهُ لِحُبِّ الْخَيْرِ لَشَدِيدٌ

    Ал байлыкты катуу сүйөт!

    100:8
  9. أَفَلَا يَعْلَمُ إِذَا بُعْثِرَ مَا فِي الْقُبُورِ

    Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда…

    100:9
  10. وَحُصِّلَ مَا فِي الصُّدُورِ

    Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда…

    100:10
  11. إِنَّ رَبَّهُمْ بِهِمْ يَوْمَئِذٍ لَخَبِيرٌ

    Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?!

    100:11

Котормо: Шамсуддин Хакимов