Сүрө 78 Наба

  1. عَمَّ يَتَسَاءَلُونَ

    Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?

    78:1
  2. عَنِ النَّبَإِ الْعَظِيمِ

    Улук Кабар жөнүндө.

    78:2
  3. الَّذِي هُمْ فِيهِ مُخْتَلِفُونَ

    Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.

    78:3
  4. كَلَّا سَيَعْلَمُونَ

    Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!

    78:4
  5. ثُمَّ كَلَّا سَيَعْلَمُونَ

    Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.

    78:5
  6. أَلَمْ نَجْعَلِ الْأَرْضَ مِهَادًا

    Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!

    78:6
  7. وَالْجِبَالَ أَوْتَادًا

    Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)

    78:7
  8. وَخَلَقْنَاكُمْ أَزْوَاجًا

    Жана Биз силерди жуп-түгөй кылып жараттык.

    78:8
  9. وَجَعَلْنَا نَوْمَكُمْ سُبَاتًا

    Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.

    78:9
  10. وَجَعَلْنَا اللَّيْلَ لِبَاسًا

    Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.

    78:10
  11. وَجَعَلْنَا النَّهَارَ مَعَاشًا

    Күндүздү жашоо үчүн жараттык.

    78:11
  12. وَبَنَيْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعًا شِدَادًا

    Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,

    78:12
  13. وَجَعَلْنَا سِرَاجًا وَهَّاجًا

    ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.

    78:13
  14. وَأَنْزَلْنَا مِنَ الْمُعْصِرَاتِ مَاءً ثَجَّاجًا

    Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,

    78:14
  15. لِنُخْرِجَ بِهِ حَبًّا وَنَبَاتًا

    чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.

    78:15
  16. وَجَنَّاتٍ أَلْفَافًا

    Жана да калың бак-бостондорду.

    78:16
  17. إِنَّ يَوْمَ الْفَصْلِ كَانَ مِيقَاتًا

    Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.

    78:17
  18. يَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ فَتَأْتُونَ أَفْوَاجًا

    Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.

    78:18
  19. وَفُتِحَتِ السَّمَاءُ فَكَانَتْ أَبْوَابًا

    (Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.

    78:19
  20. وَسُيِّرَتِ الْجِبَالُ فَكَانَتْ سَرَابًا

    Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!

    78:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов