Сүрө 8 Анфал
-
يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْأَنْفَالِ ۖ قُلِ الْأَنْفَالُ لِلَّهِ وَالرَّسُولِ ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَصْلِحُوا ذَاتَ بَيْنِكُمْ ۖ وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
(О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллах жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллахтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула.
8:1 -
إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ آيَاتُهُ زَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ
Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.
8:2 -
الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
(Дагы) алар намаздарын кемчиликсиз окушуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден садага кылышат.
8:3 -
أُولَٰئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقًّا ۚ لَهُمْ دَرَجَاتٌ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَمَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ
Ошолор гана чыныгы ыймандуулар! Аларга Раббисинин алдында (бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана көп ырыскылар бар.
8:4 -
كَمَا أَخْرَجَكَ رَبُّكَ مِنْ بَيْتِكَ بِالْحَقِّ وَإِنَّ فَرِيقًا مِنَ الْمُؤْمِنِينَ لَكَارِهُونَ
Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, ыймандуулардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту.
8:5 -
يُجَادِلُونَكَ فِي الْحَقِّ بَعْدَمَا تَبَيَّنَ كَأَنَّمَا يُسَاقُونَ إِلَى الْمَوْتِ وَهُمْ يَنْظُرُونَ
(Аллахтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, алар өлүмгө айдалып баратканын карап тургансып, сени менен талашып жатышат!
8:6 -
وَإِذْ يَعِدُكُمُ اللَّهُ إِحْدَى الطَّائِفَتَيْنِ أَنَّهَا لَكُمْ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيْرَ ذَاتِ الشَّوْكَةِ تَكُونُ لَكُمْ وَيُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُحِقَّ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ وَيَقْطَعَ دَابِرَ الْكَافِرِينَ
Аллах силерге эки тайпанын бирөөсүн (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллах болсо, (силер каалагандан башканы:) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады.
8:7 -
لِيُحِقَّ الْحَقَّ وَيُبْطِلَ الْبَاطِلَ وَلَوْ كَرِهَ الْمُجْرِمُونَ
Күнөөкөр-мушриктер жаман көрсө да, (Аллах) жалганды жоюп, акыйкатты орнотуу үчүн (ушундай болуусун каалады).
8:8 -
إِذْ تَسْتَغِيثُونَ رَبَّكُمْ فَاسْتَجَابَ لَكُمْ أَنِّي مُمِدُّكُمْ بِأَلْفٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُرْدِفِينَ
Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип, (пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди.
8:9 -
وَمَا جَعَلَهُ اللَّهُ إِلَّا بُشْرَىٰ وَلِتَطْمَئِنَّ بِهِ قُلُوبُكُمْ ۚ وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Муну Аллах (силердин рухуңарга) шаттык (деми) кылып жана аны менен жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жеңиш - Аллахтан гана. Чынында Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
8:10 -
إِذْ يُغَشِّيكُمُ النُّعَاسَ أَمَنَةً مِنْهُ وَيُنَزِّلُ عَلَيْكُمْ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً لِيُطَهِّرَكُمْ بِهِ وَيُذْهِبَ عَنْكُمْ رِجْزَ الشَّيْطَانِ وَلِيَرْبِطَ عَلَىٰ قُلُوبِكُمْ وَيُثَبِّتَ بِهِ الْأَقْدَامَ
Ошондо, (Аллах) силерди, Өзү тарабынан тынчтык-бейпилдик болуусу (жана жүрөгүңөрдөн коркууну кетирүү) үчүн (көз ирмемдик) уйку менен ороду жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден Шайтан азгырыгын кетирип, таза-аруу кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды.
8:11 -
إِذْ يُوحِي رَبُّكَ إِلَى الْمَلَائِكَةِ أَنِّي مَعَكُمْ فَثَبِّتُوا الَّذِينَ آمَنُوا ۚ سَأُلْقِي فِي قُلُوبِ الَّذِينَ كَفَرُوا الرُّعْبَ فَاضْرِبُوا فَوْقَ الْأَعْنَاقِ وَاضْرِبُوا مِنْهُمْ كُلَّ بَنَانٍ
Ошондо, (о, Мухаммад) сенин Раббиң периштелерге: “Мен силер менен биргемин. Эми, ыймандуу адамдарды шыктандыргыла! Мен тез эле каапырлардын жүрөгүнө коркуу саламын, силер дагы алардын моюндарына чаап, ар бир манжаларын кесип таштагыла!” - деп аян-кабар кылды.
8:12 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ شَاقُّوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ ۚ وَمَنْ يُشَاقِقِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَإِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Мунун себеби; алар (каапырлар) Аллахка жана пайгамбарына каршы согушту. Ким Аллах жана пайгамбары менен согушса, (билип алгыла) чынында, Аллахтын азабы катуу!
8:13 -
ذَٰلِكُمْ فَذُوقُوهُ وَأَنَّ لِلْكَافِرِينَ عَذَابَ النَّارِ
Ушул силердин жазаңар! Аны(н азабын) таткыла! Акыйкатта, каапырларга тозок азабы бар!
8:14 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا لَقِيتُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا زَحْفًا فَلَا تُوَلُّوهُمُ الْأَدْبَارَ
Оо, ыймандуулар! Эгер чабуулга өткөн каапырларга жолуксаңар, аларга артыңарды салып качпагыла!
8:15 -
وَمَنْ يُوَلِّهِمْ يَوْمَئِذٍ دُبُرَهُ إِلَّا مُتَحَرِّفًا لِقِتَالٍ أَوْ مُتَحَيِّزًا إِلَىٰ فِئَةٍ فَقَدْ بَاءَ بِغَضَبٍ مِنَ اللَّهِ وَمَأْوَاهُ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Ким ошол күндө аларга артын салса, Аллахтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы тозок! Ал кандай жаман орун! Бирок, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, (башка бир) жамаатка кошулуу максатында артын салса (анда качкан болуп эсептелбейт жана күнөө да болбойт).
8:16 -
فَلَمْ تَقْتُلُوهُمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ قَتَلَهُمْ ۚ وَمَا رَمَيْتَ إِذْ رَمَيْتَ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ رَمَىٰ ۚ وَلِيُبْلِيَ الْمُؤْمِنِينَ مِنْهُ بَلَاءً حَسَنًا ۚ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
(О, ыймандуулар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллах өлтүрдү. (О, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллах атты. Өзү тарабынан момундарга жакшы сыноо болсун үчүн (ушинтти). Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү.
8:17 -
ذَٰلِكُمْ وَأَنَّ اللَّهَ مُوهِنُ كَيْدِ الْكَافِرِينَ
Ушул жеңишиңер (Аллахтан). Аллах акыйкатта, каапырлардын амалдарын алсыратуучу.
8:18 -
إِنْ تَسْتَفْتِحُوا فَقَدْ جَاءَكُمُ الْفَتْحُ ۖ وَإِنْ تَنْتَهُوا فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۖ وَإِنْ تَعُودُوا نَعُدْ وَلَنْ تُغْنِيَ عَنْكُمْ فِئَتُكُمْ شَيْئًا وَلَوْ كَثُرَتْ وَأَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُؤْمِنِينَ
(Эй, мушриктер!) Эгер Аллахтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (туура жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз дагы кайтабыз. Анда жамаатыңар канчалык көп болсо да, силерге эч жардам бере албайт. Чынында, Аллах ыймандуулар менен бирге!
8:19 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلَا تَوَلَّوْا عَنْهُ وَأَنْتُمْ تَسْمَعُونَ
О, ыйман келтиргендер! Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула жана (Курандагы “моюн сунгула” деген буйрукту) угуп туруп андан жүз бурбагыла.
8:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов