Сүрө 3 Али Имран
-
الم
Алиф, Лам, Мим.
3:1 -
اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ
Аллах… Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – түбөлүк Тирүү жана (түбөлүк башкарып) Туруучу.
3:2 -
نَزَّلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَأَنْزَلَ التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ
«(Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга туура жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн».
3:3 -
مِنْ قَبْلُ هُدًى لِلنَّاسِ وَأَنْزَلَ الْفُرْقَانَ ۗ إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ
«(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Куранды) түшүрдү. Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!»
3:4 -
إِنَّ اللَّهَ لَا يَخْفَىٰ عَلَيْهِ شَيْءٌ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ
Албетте, Аллахка жердеги жана асмандагы эч бир нерсе жашыруун эмес.
3:5 -
هُوَ الَّذِي يُصَوِّرُكُمْ فِي الْأَرْحَامِ كَيْفَ يَشَاءُ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Ал силерди (энеңердин) жатындар(ын)да Өзү каалаган кейипке киргизет. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар. (Ал) Кудуреттүү, Даанышман.
3:6 -
هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ مِنْهُ آيَاتٌ مُحْكَمَاتٌ هُنَّ أُمُّ الْكِتَابِ وَأُخَرُ مُتَشَابِهَاتٌ ۖ فَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ زَيْغٌ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَابَهَ مِنْهُ ابْتِغَاءَ الْفِتْنَةِ وَابْتِغَاءَ تَأْوِيلِهِ ۗ وَمَا يَعْلَمُ تَأْوِيلَهُ إِلَّا اللَّهُ ۗ وَالرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ يَقُولُونَ آمَنَّا بِهِ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ رَبِّنَا ۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ
(О, Мухаммад!) Ал сага (теңдешсиз) Китеп (Куран) түшүргөн Зат. Анын (Курандын) ичинен Китептин энеси (маңызы сыяктуу) болгон мухкам - анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми, жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын (толук) түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким (анык) билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: "Биз ага (Куранга) ыйман келтиргенбиз. Анын (аяттарынын) бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Раббибибиздин алдынан (келген акыйкат)" дешет. Акылдуу адамдар гана (мындан) зикир (эскерме) алат.
3:7 -
رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً ۚ إِنَّكَ أَنْتَ الْوَهَّابُ
О, Рабби! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың.
3:8 -
رَبَّنَا إِنَّكَ جَامِعُ النَّاسِ لِيَوْمٍ لَا رَيْبَ فِيهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُخْلِفُ الْمِيعَادَ
О, биздин Рабби! Албетте, Сен адамдарды, анда шек-күмөн болбогон (Кыямат) Күн үчүн чогултуучусуң. Аллах эч качан убадасын бузбайт!
3:9 -
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَنْ تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمْ وَقُودُ النَّارِ
Каапыр адамдарды Аллахтан (Анын азабынан) мал-дүйнөсү да, бала-чакалары да куткара албайт. Алар - тозоктун отундары!
3:10 -
كَدَأْبِ آلِ فِرْعَوْنَ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ ۗ وَاللَّهُ شَدِيدُ الْعِقَابِ
(Алардын абалы) Фараондун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Аллах – азабы катуу Зат.
3:11 -
قُلْ لِلَّذِينَ كَفَرُوا سَتُغْلَبُونَ وَتُحْشَرُونَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ ۚ وَبِئْسَ الْمِهَادُ
(О, Мухаммад!) Каапырларга: "Силер жакында жеңилесиңер жана (Кыяматта) тозокто чогултуласыңар. Ал кандай жаман орун!" - деп айткын.
3:12 -
قَدْ كَانَ لَكُمْ آيَةٌ فِي فِئَتَيْنِ الْتَقَتَا ۖ فِئَةٌ تُقَاتِلُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَأُخْرَىٰ كَافِرَةٌ يَرَوْنَهُمْ مِثْلَيْهِمْ رَأْيَ الْعَيْنِ ۚ وَاللَّهُ يُؤَيِّدُ بِنَصْرِهِ مَنْ يَشَاءُ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبْرَةً لِأُولِي الْأَبْصَارِ
(Оо, яхудилер!) (Согуш майданында) жолугушкан эки жамаатта (Биздин кудуретибизге) силер үчүн белги бар болчу. Бир жамаат Аллахтын жолунда согушуп жатышты жана экинчиси каапыр эле. (Аллахтын жолунда согушка чыккандар) алардын (душмандардын) өздөрүнөн эки эсе көп экенин анык көрүп турушту. Аллах каалаган адамдарды Өзүнүн жардамы менен колдойт. Мында акыл ээлери үчүн үлгү - сабак бар.
3:13 -
زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ الشَّهَوَاتِ مِنَ النِّسَاءِ وَالْبَنِينَ وَالْقَنَاطِيرِ الْمُقَنْطَرَةِ مِنَ الذَّهَبِ وَالْفِضَّةِ وَالْخَيْلِ الْمُسَوَّمَةِ وَالْأَنْعَامِ وَالْحَرْثِ ۗ ذَٰلِكَ مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَاللَّهُ عِنْدَهُ حُسْنُ الْمَآبِ
Адамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар алтын-күмүштөрдөн, даңктуу-шоораттуу тулпар аттардан, (короо-короо) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү. Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллахтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай-бейиш бар.
3:14 -
قُلْ أَؤُنَبِّئُكُمْ بِخَيْرٍ مِنْ ذَٰلِكُمْ ۚ لِلَّذِينَ اتَّقَوْا عِنْدَ رَبِّهِمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَأَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ وَرِضْوَانٌ مِنَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ
Айт (О, Мухаммад): "Силерге мунуңардан (дүйнө жыргалынан) да жакшы нерсе жөнүндө кабар берейинби? Такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган бейиштер, таза-пакиза жубайлар жана Аллахтын ыраазычылыгы бар. Аллах пенделерин Көрүүчү.
3:15 -
الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا إِنَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ
(Алар:) "О, Рабби! Биз ыйман келтирдик. Эми, биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, тозок азабынан сакта!" деп (дуба кыла турган),
3:16 -
الصَّابِرِينَ وَالصَّادِقِينَ وَالْقَانِتِينَ وَالْمُنْفِقِينَ وَالْمُسْتَغْفِرِينَ بِالْأَسْحَارِ
сабырдуу, чынчыл, моюн сунуучу, садака кылуучу жана таң-заарларда (туруп) Аллахтан кечирим суроочу пенделер.
3:17 -
شَهِدَ اللَّهُ أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَالْمَلَائِكَةُ وَأُولُو الْعِلْمِ قَائِمًا بِالْقِسْطِ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
«Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман».
3:18 -
إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللَّهِ الْإِسْلَامُ ۗ وَمَا اخْتَلَفَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ إِلَّا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْعِلْمُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ ۗ وَمَنْ يَكْفُرْ بِآيَاتِ اللَّهِ فَإِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ
«Албетте, Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарлыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллахтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын:) Аллах - тез эсептешүүчү».
3:19 -
فَإِنْ حَاجُّوكَ فَقُلْ أَسْلَمْتُ وَجْهِيَ لِلَّهِ وَمَنِ اتَّبَعَنِ ۗ وَقُلْ لِلَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ وَالْأُمِّيِّينَ أَأَسْلَمْتُمْ ۚ فَإِنْ أَسْلَمُوا فَقَدِ اهْتَدَوْا ۖ وَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ
(О, Мухаммад!) Эгер (адамдар) сени менен талашып калышса, аларга: "Мен өзүмдү ээрчигендер менен бирге жүзүмдү (өзүмдү) Аллахга моюн сундурдум" деп айткын. Жана китеп берилген адамдар менен сабатсыздарга: "Силер (дагы) моюн сундуңарбы?" дегин. Эгер (Исламды кабыл алып) моюн сунушса, анда туура жолду табышты. Эгер жүз бурушса, сенин мойнуңда (чындыкты) жеткирүү гана бар. Аллах пенделерди Көрүүчү.
3:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов