Сүрө 26 Шуара

  1. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

    Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.

    26:121
  2. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

    Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.

    26:122
  3. كَذَّبَتْ عَادٌ الْمُرْسَلِينَ

    Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди.

    26:123
  4. إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ

    Бир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

    26:124
  5. إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

    Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.

    26:125
  6. فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

    26:126
  7. وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    Мен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

    26:127
  8. أَتَبْنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ آيَةً تَعْبَثُونَ

    Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!

    26:128
  9. وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمْ تَخْلُدُونَ

    (Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!

    26:129
  10. وَإِذَا بَطَشْتُمْ بَطَشْتُمْ جَبَّارِينَ

    Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр!

    26:130
  11. فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

    26:131
  12. وَاتَّقُوا الَّذِي أَمَدَّكُمْ بِمَا تَعْلَمُونَ

    Силерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!

    26:132
  13. أَمَدَّكُمْ بِأَنْعَامٍ وَبَنِينَ

    Ал силерге чарба малдарын жана балдарды берди.

    26:133
  14. وَجَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

    Бактарды жана булактарды берди.

    26:134
  15. إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

    Мен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!

    26:135
  16. قَالُوا سَوَاءٌ عَلَيْنَا أَوَعَظْتَ أَمْ لَمْ تَكُنْ مِنَ الْوَاعِظِينَ

    (Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.

    26:136
  17. إِنْ هَٰذَا إِلَّا خُلُقُ الْأَوَّلِينَ

    Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.

    26:137
  18. وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

    Жана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».

    26:138
  19. فَكَذَّبُوهُ فَأَهْلَكْنَاهُمْ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

    (Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.

    26:139
  20. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

    Чынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.

    26:140

Котормо: Шамсуддин Хакимов