Сүрө 26 Шуара

  1. فَلَمَّا تَرَاءَى الْجَمْعَانِ قَالَ أَصْحَابُ مُوسَىٰ إِنَّا لَمُدْرَكُونَ

    Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» – дешти.

    26:61
  2. قَالَ كَلَّا ۖ إِنَّ مَعِيَ رَبِّي سَيَهْدِينِ

    «Жок! – деди (Муса), – албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!».

    26:62
  3. فَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ مُوسَىٰ أَنِ اضْرِبْ بِعَصَاكَ الْبَحْرَ ۖ فَانْفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرْقٍ كَالطَّوْدِ الْعَظِيمِ

    Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды.

    26:63
  4. وَأَزْلَفْنَا ثَمَّ الْآخَرِينَ

    Анан башкаларды (Фараон менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык.

    26:64
  5. وَأَنْجَيْنَا مُوسَىٰ وَمَنْ مَعَهُ أَجْمَعِينَ

    Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык.

    26:65
  6. ثُمَّ أَغْرَقْنَا الْآخَرِينَ

    Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик!

    26:66
  7. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

    Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат.

    26:67
  8. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

    Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Мээримдүү.

    26:68
  9. وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ إِبْرَاهِيمَ

    (Оо, Мухаммад,) аларга (Курандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер.

    26:69
  10. إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِ مَا تَعْبُدُونَ

    Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» - деди.

    26:70
  11. قَالُوا نَعْبُدُ أَصْنَامًا فَنَظَلُّ لَهَا عَاكِفِينَ

    «Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» – дешти.

    26:71
  12. قَالَ هَلْ يَسْمَعُونَكُمْ إِذْ تَدْعُونَ

    (Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы?

    26:72
  13. أَوْ يَنْفَعُونَكُمْ أَوْ يَضُرُّونَ

    Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?».

    26:73
  14. قَالُوا بَلْ وَجَدْنَا آبَاءَنَا كَذَٰلِكَ يَفْعَلُونَ

    «Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти.

    26:74
  15. قَالَ أَفَرَأَيْتُمْ مَا كُنْتُمْ تَعْبُدُونَ

    (Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү,

    26:75
  16. أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمُ الْأَقْدَمُونَ

    силер жана байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен?).

    26:76
  17. فَإِنَّهُمْ عَدُوٌّ لِي إِلَّا رَبَّ الْعَالَمِينَ

    Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллах!)

    26:77
  18. الَّذِي خَلَقَنِي فَهُوَ يَهْدِينِ

    Ал мени жаратты, анан туура жолго баштайт.

    26:78
  19. وَالَّذِي هُوَ يُطْعِمُنِي وَيَسْقِينِ

    Жана Ал мени жедирет жана ичирет.

    26:79
  20. وَإِذَا مَرِضْتُ فَهُوَ يَشْفِينِ

    Оорусам, Өзү мага шыпаа берет.

    26:80

Котормо: Шамсуддин Хакимов