Сүрө 26 Шуара

  1. فَفَرَرْتُ مِنْكُمْ لَمَّا خِفْتُكُمْ فَوَهَبَ لِي رَبِّي حُكْمًا وَجَعَلَنِي مِنَ الْمُرْسَلِينَ

    Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллах мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды.

    26:21
  2. وَتِلْكَ نِعْمَةٌ تَمُنُّهَا عَلَيَّ أَنْ عَبَّدْتَ بَنِي إِسْرَائِيلَ

    Ал эми сенин мага милдет кылган жакшылыгың болсо, Исраил урпактарын кул кылып алагыңдын алдында эч нерсе эмес.

    26:22
  3. قَالَ فِرْعَوْنُ وَمَا رَبُّ الْعَالَمِينَ

    Фараон айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?».

    26:23
  4. قَالَ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ۖ إِنْ كُنْتُمْ مُوقِنِينَ

    «Ал - асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса).

    26:24
  5. قَالَ لِمَنْ حَوْلَهُ أَلَا تَسْتَمِعُونَ

    (Фараон) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?» - деди (Мусаны шылдыңдап).

    26:25
  6. قَالَ رَبُّكُمْ وَرَبُّ آبَائِكُمُ الْأَوَّلِينَ

    (Муса): «Аллах силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди.

    26:26
  7. قَالَ إِنَّ رَسُولَكُمُ الَّذِي أُرْسِلَ إِلَيْكُمْ لَمَجْنُونٌ

    (Анда Фараон адамдарга) айтты: «Силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!».

    26:27
  8. قَالَ رَبُّ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ وَمَا بَيْنَهُمَا ۖ إِنْ كُنْتُمْ تَعْقِلُونَ

    (Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал чыгыш менен батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер».

    26:28
  9. قَالَ لَئِنِ اتَّخَذْتَ إِلَٰهًا غَيْرِي لَأَجْعَلَنَّكَ مِنَ الْمَسْجُونِينَ

    «(Оо, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди.

    26:29
  10. قَالَ أَوَلَوْ جِئْتُكَ بِشَيْءٍ مُبِينٍ

    «Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?» - деди (Муса).

    26:30
  11. قَالَ فَأْتِ بِهِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

    «Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» - деди.

    26:31
  12. فَأَلْقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعْبَانٌ مُبِينٌ

    Анан (Муса) таягын (жерге) таштады эле…, ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!

    26:32
  13. وَنَزَعَ يَدَهُ فَإِذَا هِيَ بَيْضَاءُ لِلنَّاظِرِينَ

    Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле..., ошол замат көрүүчүлөргө аппак (нурдуу) болуп калды!

    26:33
  14. قَالَ لِلْمَلَإِ حَوْلَهُ إِنَّ هَٰذَا لَسَاحِرٌ عَلِيمٌ

    «(Оо,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!» - деди (Фараон) тегерегиндеги төбөлдөргө.

    26:34
  15. يُرِيدُ أَنْ يُخْرِجَكُمْ مِنْ أَرْضِكُمْ بِسِحْرِهِ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ

    «Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?».

    26:35
  16. قَالُوا أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَابْعَثْ فِي الْمَدَائِنِ حَاشِرِينَ

    (Сарай эли) айтышты: «Аны менен бир тууганын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер.

    26:36
  17. يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَحَّارٍ عَلِيمٍ

    Алар (чабармандар) сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келишсин».

    26:37
  18. فَجُمِعَ السَّحَرَةُ لِمِيقَاتِ يَوْمٍ مَعْلُومٍ

    Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту.

    26:38
  19. وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلْ أَنْتُمْ مُجْتَمِعُونَ

    Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы?

    26:39
  20. لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ السَّحَرَةَ إِنْ كَانُوا هُمُ الْغَالِبِينَ

    Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».

    26:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов