Сүрө 26 Шуара
-
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде аларга тууганы Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
26:161 -
إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ
Мен силерге аманаткөй пайгамбармын.
26:162 -
فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
26:163 -
وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Мен ал үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
26:164 -
أَتَأْتُونَ الذُّكْرَانَ مِنَ الْعَالَمِينَ
(Оо, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектер менен (жыныстык байланыш) кыласыңарбы?!
26:165 -
وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمْ رَبُّكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ ۚ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ عَادُونَ
Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!».
26:166 -
قَالُوا لَئِنْ لَمْ تَنْتَهِ يَا لُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ الْمُخْرَجِينَ
«Эй, Лут! – дешти (каапырлар) – эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!».
26:167 -
قَالَ إِنِّي لِعَمَلِكُمْ مِنَ الْقَالِينَ
(Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем!
26:168 -
رَبِّ نَجِّنِي وَأَهْلِي مِمَّا يَعْمَلُونَ
Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!».
26:169 -
فَنَجَّيْنَاهُ وَأَهْلَهُ أَجْمَعِينَ
Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык.
26:170 -
إِلَّا عَجُوزًا فِي الْغَابِرِينَ
Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык.
26:171 -
ثُمَّ دَمَّرْنَا الْآخَرِينَ
Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык.
26:172 -
وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ مَطَرًا ۖ فَسَاءَ مَطَرُ الْمُنْذَرِينَ
Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман!
26:173 -
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ
Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады.
26:174 -
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Чынында сенин Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу!
26:175 -
كَذَّبَ أَصْحَابُ الْأَيْكَةِ الْمُرْسَلِينَ
Калың бак-дарак элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.
26:176 -
إِذْ قَالَ لَهُمْ شُعَيْبٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
26:177 -
إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ
Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.
26:178 -
فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
26:179 -
وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Мен үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
26:180
Котормо: Шамсуддин Хакимов