Сүрө 26 Шуара

  1. لَا يُؤْمِنُونَ بِهِ حَتَّىٰ يَرَوُا الْعَذَابَ الْأَلِيمَ

    Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.

    26:201
  2. فَيَأْتِيَهُمْ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

    Азап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.

    26:202
  3. فَيَقُولُوا هَلْ نَحْنُ مُنْظَرُونَ

    Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.

    26:203
  4. أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ

    Биздин азапты шаштырып жатышабы?

    26:204
  5. أَفَرَأَيْتَ إِنْ مَتَّعْنَاهُمْ سِنِينَ

    Айтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,

    26:205
  6. ثُمَّ جَاءَهُمْ مَا كَانُوا يُوعَدُونَ

    Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,

    26:206
  7. مَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يُمَتَّعُونَ

    ошол пайдалантырылган нерселердин аларга пайдасы тиймек эмес!

    26:207
  8. وَمَا أَهْلَكْنَا مِنْ قَرْيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنْذِرُونَ

    Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон.

    26:208
  9. ذِكْرَىٰ وَمَا كُنَّا ظَالِمِينَ

    (Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук.

    26:209
  10. وَمَا تَنَزَّلَتْ بِهِ الشَّيَاطِينُ

    Аны (Куранды) жин-шайтандар түшүргөн эмес.

    26:210
  11. وَمَا يَنْبَغِي لَهُمْ وَمَا يَسْتَطِيعُونَ

    Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. (Анткени:)

    26:211
  12. إِنَّهُمْ عَنِ السَّمْعِ لَمَعْزُولُونَ

    Алар аны угуудан тосулуп коюлган.

    26:212
  13. فَلَا تَدْعُ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ فَتَكُونَ مِنَ الْمُعَذَّبِينَ

    (Оо, Мухаммад!) Аллахка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың.

    26:213
  14. وَأَنْذِرْ عَشِيرَتَكَ الْأَقْرَبِينَ

    Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!

    26:214
  15. وَاخْفِضْ جَنَاحَكَ لِمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

    Өзүңө ээрчиген ыймандууларды канатыңа калкала!

    26:215
  16. فَإِنْ عَصَوْكَ فَقُلْ إِنِّي بَرِيءٌ مِمَّا تَعْمَلُونَ

    Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден алысмын» - дегин.

    26:216
  17. وَتَوَكَّلْ عَلَى الْعَزِيزِ الرَّحِيمِ

    Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл.

    26:217
  18. الَّذِي يَرَاكَ حِينَ تَقُومُ

    Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт.

    26:218
  19. وَتَقَلُّبَكَ فِي السَّاجِدِينَ

    Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт).

    26:219
  20. إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү.

    26:220

Котормо: Шамсуддин Хакимов