Катталуу, бет 372

  1. قَالَ وَمَا عِلْمِي بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    (Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин.

    26:112
  2. إِنْ حِسَابُهُمْ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّي ۖ لَوْ تَشْعُرُونَ

    Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет.

    26:113
  3. وَمَا أَنَا بِطَارِدِ الْمُؤْمِنِينَ

    Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин.

    26:114
  4. إِنْ أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ مُبِينٌ

    Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн».

    26:115
  5. قَالُوا لَئِنْ لَمْ تَنْتَهِ يَا نُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ الْمَرْجُومِينَ

    «Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).

    26:116
  6. قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوْمِي كَذَّبُونِ

    (Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды!

    26:117
  7. فَافْتَحْ بَيْنِي وَبَيْنَهُمْ فَتْحًا وَنَجِّنِي وَمَنْ مَعِيَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

    Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мени менен бирге болгон ыймандууларды куткар!».

    26:118
  8. فَأَنْجَيْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ فِي الْفُلْكِ الْمَشْحُونِ

    Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык.

    26:119
  9. ثُمَّ أَغْرَقْنَا بَعْدُ الْبَاقِينَ

    Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик.

    26:120
  10. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

    Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.

    26:121
  11. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

    Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.

    26:122
  12. كَذَّبَتْ عَادٌ الْمُرْسَلِينَ

    Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди.

    26:123
  13. إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ

    Бир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

    26:124
  14. إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

    Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.

    26:125
  15. فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

    26:126
  16. وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    Мен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

    26:127
  17. أَتَبْنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ آيَةً تَعْبَثُونَ

    Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!

    26:128
  18. وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمْ تَخْلُدُونَ

    (Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!

    26:129
  19. وَإِذَا بَطَشْتُمْ بَطَشْتُمْ جَبَّارِينَ

    Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр!

    26:130
  20. فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

    26:131
  21. وَاتَّقُوا الَّذِي أَمَدَّكُمْ بِمَا تَعْلَمُونَ

    Силерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!

    26:132
  22. أَمَدَّكُمْ بِأَنْعَامٍ وَبَنِينَ

    Ал силерге чарба малдарын жана балдарды берди.

    26:133
  23. وَجَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

    Бактарды жана булактарды берди.

    26:134
  24. إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

    Мен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!

    26:135
  25. قَالُوا سَوَاءٌ عَلَيْنَا أَوَعَظْتَ أَمْ لَمْ تَكُنْ مِنَ الْوَاعِظِينَ

    (Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.

    26:136

Котормо: Шамсуддин Хакимов