Катталуу, бет 375
-
وَاتَّقُوا الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالْجِبِلَّةَ الْأَوَّلِينَ
Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллахтан корккула!
26:184 -
قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مِنَ الْمُسَحَّرِينَ
(Каапырлар) айтышты: «Сен (эй, Шуайб) сыйкырланып калгансың го!
26:185 -
وَمَا أَنْتَ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا وَإِنْ نَظُنُّكَ لَمِنَ الْكَاذِبِينَ
Сен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.
26:186 -
فَأَسْقِطْ عَلَيْنَا كِسَفًا مِنَ السَّمَاءِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)
26:187 -
قَالَ رَبِّي أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ
(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет.
26:188 -
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمْ عَذَابُ يَوْمِ الظُّلَّةِ ۚ إِنَّهُ كَانَ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады! Бул улук күндүн азабы болчу.
26:189 -
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ
Албетте мында үлгү-сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
26:190 -
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Чынында сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.
26:191 -
وَإِنَّهُ لَتَنْزِيلُ رَبِّ الْعَالَمِينَ
«Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн».
26:192 -
نَزَلَ بِهِ الرُّوحُ الْأَمِينُ
Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,
26:193 -
عَلَىٰ قَلْبِكَ لِتَكُونَ مِنَ الْمُنْذِرِينَ
сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.
26:194 -
بِلِسَانٍ عَرَبِيٍّ مُبِينٍ
(Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн).
26:195 -
وَإِنَّهُ لَفِي زُبُرِ الْأَوَّلِينَ
Албетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген.
26:196 -
أَوَلَمْ يَكُنْ لَهُمْ آيَةً أَنْ يَعْلَمَهُ عُلَمَاءُ بَنِي إِسْرَائِيلَ
Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?
26:197 -
وَلَوْ نَزَّلْنَاهُ عَلَىٰ بَعْضِ الْأَعْجَمِينَ
Эгер Биз аны араб эмес адамдардын кээ бирине түшүрсөк
26:198 -
فَقَرَأَهُ عَلَيْهِمْ مَا كَانُوا بِهِ مُؤْمِنِينَ
жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес.
26:199 -
كَذَٰلِكَ سَلَكْنَاهُ فِي قُلُوبِ الْمُجْرِمِينَ
Биз ошондой эле (Куранды) күнөөкөр адамдардын жүрөктөрүнө (Куранга болгон жалган менен каапырлыкты) жолдодук.
26:200 -
لَا يُؤْمِنُونَ بِهِ حَتَّىٰ يَرَوُا الْعَذَابَ الْأَلِيمَ
Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.
26:201 -
فَيَأْتِيَهُمْ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ
Азап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.
26:202 -
فَيَقُولُوا هَلْ نَحْنُ مُنْظَرُونَ
Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.
26:203 -
أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ
Биздин азапты шаштырып жатышабы?
26:204 -
أَفَرَأَيْتَ إِنْ مَتَّعْنَاهُمْ سِنِينَ
Айтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,
26:205 -
ثُمَّ جَاءَهُمْ مَا كَانُوا يُوعَدُونَ
Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,
26:206
Котормо: Шамсуддин Хакимов