Катталуу, бет 604
-
قُلْ هُوَ اللَّهُ أَحَدٌ
Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!
112:1 -
اللَّهُ الصَّمَدُ
Аллах – Сомад (Беймуктаж)
112:2 -
لَمْ يَلِدْ وَلَمْ يُولَدْ
Ал туубаган жана да туулбаган!
112:3 -
وَلَمْ يَكُنْ لَهُ كُفُوًا أَحَدٌ
Жана эч ким Ага тең эмес!
112:4 -
قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَقِ
Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:
113:1 -
مِنْ شَرِّ مَا خَلَقَ
(Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,
113:2 -
وَمِنْ شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ
Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,
113:3 -
وَمِنْ شَرِّ النَّفَّاثَاتِ فِي الْعُقَدِ
Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,
113:4 -
وَمِنْ شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ
Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.
113:5 -
قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ النَّاسِ
Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен
114:1 -
مَلِكِ النَّاسِ
Инсандардын падышасынан;
114:2 -
إِلَٰهِ النَّاسِ
инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин –
114:3 -
مِنْ شَرِّ الْوَسْوَاسِ الْخَنَّاسِ
(Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун жамандыгынан.
114:4 -
الَّذِي يُوَسْوِسُ فِي صُدُورِ النَّاسِ
Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.
114:5 -
مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ
Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот.
114:6
Котормо: Шамсуддин Хакимов