Катталуу, бет 603

  1. قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ

    (Оо, Мухаммад, каапырларга) айткын: «Эй, каапырлар!

    109:1
  2. لَا أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ

    Мен силер ибадат кылган(кудайлар)га ибадат кылбаймын!

    109:2
  3. وَلَا أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

    Силер дагы мен сыйынганга (Аллах таалага) сыйынуучу эмессиңер.

    109:3
  4. وَلَا أَنَا عَابِدٌ مَا عَبَدْتُمْ

    Мен силер ибадат кылган кудайларга сыйынбаймын!

    109:4
  5. وَلَا أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

    Силер да мен ибадат кылган(Аллах таала)га ибадат кылуучу эмессиңер.

    109:5
  6. لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

    (Демек,) силерге өз диниңер, мага өз диним!»

    109:6
  7. إِذَا جَاءَ نَصْرُ اللَّهِ وَالْفَتْحُ

    (Оо, Мухаммад, эгер сага) Аллахтын жардамы жана жеңиши келсе

    110:1
  8. وَرَأَيْتَ النَّاسَ يَدْخُلُونَ فِي دِينِ اللَّهِ أَفْوَاجًا

    жана адамдарды Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң...

    110:2
  9. فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَاسْتَغْفِرْهُ ۚ إِنَّهُ كَانَ تَوَّابًا

    Анда, Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тооболорду кабыл кылуучу!

    110:3
  10. تَبَّتْ يَدَا أَبِي لَهَبٍ وَتَبَّ

    Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды!

    111:1
  11. مَا أَغْنَىٰ عَنْهُ مَالُهُ وَمَا كَسَبَ

    Ага мал-дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок!

    111:2
  12. سَيَصْلَىٰ نَارًا ذَاتَ لَهَبٍ

    Ал жакында алоолонгон тозокко ташталат!

    111:3
  13. وَامْرَأَتُهُ حَمَّالَةَ الْحَطَبِ

    Ал эми, (пайгамбарга каршы доомат -ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда!

    111:4
  14. فِي جِيدِهَا حَبْلٌ مِنْ مَسَدٍ

    Анын мойнунда курма дарагынын буласынан (эшилген) жип!

    111:5

Котормо: Шамсуддин Хакимов