Сүрө 114 Нас
-
قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ النَّاسِ
Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен
114:1 -
مَلِكِ النَّاسِ
Инсандардын падышасынан;
114:2 -
إِلَٰهِ النَّاسِ
инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин –
114:3 -
مِنْ شَرِّ الْوَسْوَاسِ الْخَنَّاسِ
(Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун жамандыгынан.
114:4 -
الَّذِي يُوَسْوِسُ فِي صُدُورِ النَّاسِ
Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.
114:5 -
مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ
Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот.
114:6
Котормо: Шамсуддин Хакимов