Сүрө 113 Фалак
-
قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَقِ
Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:
113:1 -
مِنْ شَرِّ مَا خَلَقَ
(Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,
113:2 -
وَمِنْ شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ
Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,
113:3 -
وَمِنْ شَرِّ النَّفَّاثَاتِ فِي الْعُقَدِ
Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,
113:4 -
وَمِنْ شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ
Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.
113:5
Котормо: Шамсуддин Хакимов