Сүрө 104 Хумаза

  1. وَيْلٌ لِكُلِّ هُمَزَةٍ لُمَزَةٍ

    Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун!

    104:1
  2. الَّذِي جَمَعَ مَالًا وَعَدَّدَهُ

    Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди.

    104:2
  3. يَحْسَبُ أَنَّ مَالَهُ أَخْلَدَهُ

    Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт.

    104:3
  4. كَلَّا ۖ لَيُنْبَذَنَّ فِي الْحُطَمَةِ

    Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат!

    104:4
  5. وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْحُطَمَةُ

    (Оо, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң.

    104:5
  6. نَارُ اللَّهِ الْمُوقَدَةُ

    (Ал) Аллахтын алоолонгон тозогу,

    104:6
  7. الَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى الْأَفْئِدَةِ

    (Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган!

    104:7
  8. إِنَّهَا عَلَيْهِمْ مُؤْصَدَةٌ

    Чынында, ал (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган.

    104:8
  9. فِي عَمَدٍ مُمَدَّدَةٍ

    (Эшиктери) узун устундарда (бекемделген).

    104:9

Котормо: Шамсуддин Хакимов