Катталуу, бет 602

  1. لِإِيلَافِ قُرَيْشٍ

    Курайштын ынтымагы үчүн!

    106:1
  2. إِيلَافِهِمْ رِحْلَةَ الشِّتَاءِ وَالصَّيْفِ

    Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн!

    106:2
  3. فَلْيَعْبُدُوا رَبَّ هَٰذَا الْبَيْتِ

    Эми, алар (ар кандай таш-кудай, жыгач-кудайларын таштап, өздөрүнө ынтымак жашоо тартуулаган) ушул Үйдүн (Каабанын) Раббисине гана ибадат кылышсын!

    106:3
  4. الَّذِي أَطْعَمَهُمْ مِنْ جُوعٍ وَآمَنَهُمْ مِنْ خَوْفٍ

    Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунуч(тар)дан аман сактады!

    106:4
  5. أَرَأَيْتَ الَّذِي يُكَذِّبُ بِالدِّينِ

    (Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?!

    107:1
  6. فَذَٰلِكَ الَّذِي يَدُعُّ الْيَتِيمَ

    Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!

    107:2
  7. وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ الْمِسْكِينِ

    Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес.

    107:3
  8. فَوَيْلٌ لِلْمُصَلِّينَ

    (Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!

    107:4
  9. الَّذِينَ هُمْ عَنْ صَلَاتِهِمْ سَاهُونَ

    Алар намаздарын унутуп коюшат.

    107:5
  10. الَّذِينَ هُمْ يُرَاءُونَ

    Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия кылышат.

    107:6
  11. وَيَمْنَعُونَ الْمَاعُونَ

    Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат.

    107:7
  12. إِنَّا أَعْطَيْنَاكَ الْكَوْثَرَ

    (Оо, Мухаммад) чынында Биз сага «Каусарды» бердик.

    108:1
  13. فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ

    Сен эми, (ушул жакшылыктарга шүгүр кылып) Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!

    108:2
  14. إِنَّ شَانِئَكَ هُوَ الْأَبْتَرُ

    Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты кесилген!

    108:3

Котормо: Шамсуддин Хакимов