Катталуу, бет 591
-
وَالسَّمَاءِ وَالطَّارِقِ
Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин.
86:1 -
وَمَا أَدْرَاكَ مَا الطَّارِقُ
(Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.
86:2 -
النَّجْمُ الثَّاقِبُ
Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.
86:3 -
إِنْ كُلُّ نَفْسٍ لَمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌ
Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.
86:4 -
فَلْيَنْظُرِ الْإِنْسَانُ مِمَّ خُلِقَ
Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!
86:5 -
خُلِقَ مِنْ مَاءٍ دَافِقٍ
Атырылган (бел) суудан жаратылган.
86:6 -
يَخْرُجُ مِنْ بَيْنِ الصُّلْبِ وَالتَّرَائِبِ
(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.
86:7 -
إِنَّهُ عَلَىٰ رَجْعِهِ لَقَادِرٌ
Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!
86:8 -
يَوْمَ تُبْلَى السَّرَائِرُ
Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.
86:9 -
فَمَا لَهُ مِنْ قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ
(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.
86:10 -
وَالسَّمَاءِ ذَاتِ الرَّجْعِ
Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!
86:11 -
وَالْأَرْضِ ذَاتِ الصَّدْعِ
Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:
86:12 -
إِنَّهُ لَقَوْلٌ فَصْلٌ
Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!
86:13 -
وَمَا هُوَ بِالْهَزْلِ
Азил-тамаша (сөз) эмес!
86:14 -
إِنَّهُمْ يَكِيدُونَ كَيْدًا
Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.
86:15 -
وَأَكِيدُ كَيْدًا
Мен дагы амалкерлик кыламын.
86:16 -
فَمَهِّلِ الْكَافِرِينَ أَمْهِلْهُمْ رُوَيْدًا
Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.
86:17 -
سَبِّحِ اسْمَ رَبِّكَ الْأَعْلَى
Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
87:1 -
الَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ
Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.
87:2 -
وَالَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ
Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.
87:3 -
وَالَّذِي أَخْرَجَ الْمَرْعَىٰ
Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,
87:4 -
فَجَعَلَهُ غُثَاءً أَحْوَىٰ
андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.
87:5 -
سَنُقْرِئُكَ فَلَا تَنْسَىٰ
(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.
87:6 -
إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۚ إِنَّهُ يَعْلَمُ الْجَهْرَ وَمَا يَخْفَىٰ
Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.
87:7 -
وَنُيَسِّرُكَ لِلْيُسْرَىٰ
Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.
87:8 -
فَذَكِّرْ إِنْ نَفَعَتِ الذِّكْرَىٰ
Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.
87:9 -
سَيَذَّكَّرُ مَنْ يَخْشَىٰ
(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.
87:10 -
وَيَتَجَنَّبُهَا الْأَشْقَى
Шордуу адам болсо андан качат.
87:11 -
الَّذِي يَصْلَى النَّارَ الْكُبْرَىٰ
Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.
87:12 -
ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ
Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
87:13 -
قَدْ أَفْلَحَ مَنْ تَزَكَّىٰ
Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
87:14 -
وَذَكَرَ اسْمَ رَبِّهِ فَصَلَّىٰ
Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).
87:15
Котормо: Шамсуддин Хакимов