Сүрө 87 Аьала
-
سَبِّحِ اسْمَ رَبِّكَ الْأَعْلَى
Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
87:1 -
الَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ
Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.
87:2 -
وَالَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ
Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.
87:3 -
وَالَّذِي أَخْرَجَ الْمَرْعَىٰ
Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,
87:4 -
فَجَعَلَهُ غُثَاءً أَحْوَىٰ
андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.
87:5 -
سَنُقْرِئُكَ فَلَا تَنْسَىٰ
(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.
87:6 -
إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۚ إِنَّهُ يَعْلَمُ الْجَهْرَ وَمَا يَخْفَىٰ
Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.
87:7 -
وَنُيَسِّرُكَ لِلْيُسْرَىٰ
Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.
87:8 -
فَذَكِّرْ إِنْ نَفَعَتِ الذِّكْرَىٰ
Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.
87:9 -
سَيَذَّكَّرُ مَنْ يَخْشَىٰ
(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.
87:10 -
وَيَتَجَنَّبُهَا الْأَشْقَى
Шордуу адам болсо андан качат.
87:11 -
الَّذِي يَصْلَى النَّارَ الْكُبْرَىٰ
Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.
87:12 -
ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ
Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
87:13 -
قَدْ أَفْلَحَ مَنْ تَزَكَّىٰ
Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
87:14 -
وَذَكَرَ اسْمَ رَبِّهِ فَصَلَّىٰ
Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).
87:15 -
بَلْ تُؤْثِرُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا
Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!
87:16 -
وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ
Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!
87:17 -
إِنَّ هَٰذَا لَفِي الصُّحُفِ الْأُولَىٰ
Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.
87:18 -
صُحُفِ إِبْرَاهِيمَ وَمُوسَىٰ
Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.
87:19
Котормо: Шамсуддин Хакимов