Катталуу, бет 117
-
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَىٰ أَوْلِيَاءَ ۘ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
О, ыйман келтиргендер! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал - ошолордон! Албетте, Аллах заалым адамдарды туура жолго баштабайт!
5:51 -
فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَىٰ أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ ۚ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ
Анан сен (о, Мухаммад), жүрөгүндө (эки жүздүүлүк) оорусу бар адамдардын, алар (яхудилер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллах жеңишти же болбосо, Өзү тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүүлөр) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат.
5:52 -
وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا أَهَٰؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ ۙ إِنَّهُمْ لَمَعَكُمْ ۚ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فَأَصْبَحُوا خَاسِرِينَ
Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарына кыжырданып): “Кайра-кайра Аллахтын атына ант ичип: “Биз силер мененбиз”-дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты.
5:53 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَنْ يَرْتَدَّ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَسَوْفَ يَأْتِي اللَّهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُ أَذِلَّةٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى الْكَافِرِينَ يُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوْمَةَ لَائِمٍ ۚ ذَٰلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Силердин араңардан кимде-ким дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллах аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган, ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллахтын жолунда (мал-жанын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын ушактарынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул – Аллахтын артыкчылыгы, аны каалаган пенделерине берет. Аллах (жакшылык кылууда) Кенен жана Билүүчү.
5:54 -
إِنَّمَا وَلِيُّكُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ رَاكِعُونَ
(О, момундар!) Силердин досуңар - Аллах, Анын пайгамбары жана ыйман келтирген адамдар. Алар моюн сунуп, намазды толук аткарышат жана зекетти беришет.
5:55 -
وَمَنْ يَتَوَلَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا فَإِنَّ حِزْبَ اللَّهِ هُمُ الْغَالِبُونَ
Жана ким Аллахты, анын пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллахтын жамааты гана жеңиүүчү!
5:56 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَكُمْ هُزُوًا وَلَعِبًا مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَالْكُفَّارَ أَوْلِيَاءَ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
О, ыймандуулар! Силердин диниңерди шылдың кылган каапырларды жана силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, Аллахтан корккула!
5:57
Котормо: Шамсуддин Хакимов