Катталуу, бет 116

  1. وَقَفَّيْنَا عَلَىٰ آثَارِهِمْ بِعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْرَاةِ ۖ وَآتَيْنَاهُ الْإِنْجِيلَ فِيهِ هُدًى وَنُورٌ وَمُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْرَاةِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ

    Биз алардын (өткөн пайгамбарлардын) изи менен, өзүнөн алдыңкы нерсени (Тооратты) тастыктаган Марямдын уулу Исаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу, такыба кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик.

    5:46
  2. وَلْيَحْكُمْ أَهْلُ الْإِنْجِيلِ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فِيهِ ۚ وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

    Эми, Инжил эли анын ичиндеги Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм кылышсын! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!

    5:47
  3. وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ الْكِتَابِ وَمُهَيْمِنًا عَلَيْهِ ۖ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ ۖ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنَ الْحَقِّ ۚ لِكُلٍّ جَعَلْنَا مِنْكُمْ شِرْعَةً وَمِنْهَاجًا ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَٰكِنْ لِيَبْلُوَكُمْ فِي مَا آتَاكُمْ ۖ فَاسْتَبِقُوا الْخَيْرَاتِ ۚ إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

    «(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н баардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин баарыңар үчүн өз алдынча шарият жана жол-жөрөлгөлөрдү кылдык. Эгер Аллах кааласа, баарыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парздарда) силерди сыноо үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен атаандашып жасагыла. Баарыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (ишиңерде) эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдүн кабарын билдирет».

    5:48
  4. وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ ۖ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ ۗ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ

    Алардын (яхудилердин) арасында Аллах түшүргөн нерсе (Куран, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Аллах сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен сени (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллах аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Адамдардын көбү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар.

    5:49
  5. أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ ۚ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

    Алар (сенин өкүмүңө ыраазы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн ким Аллахтан жакшыраак өкүм түзүп бере алат?!

    5:50

Котормо: Шамсуддин Хакимов