Сүрө 5 Маида

  1. يَا أَيُّهَا الرَّسُولُ لَا يَحْزُنْكَ الَّذِينَ يُسَارِعُونَ فِي الْكُفْرِ مِنَ الَّذِينَ قَالُوا آمَنَّا بِأَفْوَاهِهِمْ وَلَمْ تُؤْمِنْ قُلُوبُهُمْ ۛ وَمِنَ الَّذِينَ هَادُوا ۛ سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ سَمَّاعُونَ لِقَوْمٍ آخَرِينَ لَمْ يَأْتُوكَ ۖ يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ مِنْ بَعْدِ مَوَاضِعِهِ ۖ يَقُولُونَ إِنْ أُوتِيتُمْ هَٰذَا فَخُذُوهُ وَإِنْ لَمْ تُؤْتَوْهُ فَاحْذَرُوا ۚ وَمَنْ يُرِدِ اللَّهُ فِتْنَتَهُ فَلَنْ تَمْلِكَ لَهُ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۚ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ لَمْ يُرِدِ اللَّهُ أَنْ يُطَهِّرَ قُلُوبَهُمْ ۚ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ ۖ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    О, пайгамбар! Ооздору менен “ыйман келтирдик” деп, жүрөктөрү ыйман келтирбеген эки жүздүүлөрдүн жана яхудилердин каапырлыгы тарапка чуркап бараткандар сени кайгыга салбасын. Алар жалганды жана (бүт иш-аракети жалганга негизделген) башка коомду (яхудилердин диний башчыларын) угушат. Алар (дин башчылар) болсо, сенин алдыңа келбейт, (элдерди адаштыруу үчүн Тоораттагы) сөздөрдү ордунан башкасына алмаштырышат. (Жана өздөрүнө кеңеш сурап келгендерге) “Эгер (силерге Мухаммад тарабынан каалооңорго ылайык келген) мына бул өкүм берилсе - алгыла. Ал эми, андай өкүм берилбесе - албагыла” дешет. Аллах кимдин бузулуусун кааласа, сен анын пайдасына Аллах тарабынан эч нерсеге ээ эмессиң. Алар – Аллах жүрөктөрүн тазалоону каалабаган адамдар. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик жана Акыретте чоң азап бар.

    5:41
  2. سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ أَكَّالُونَ لِلسُّحْتِ ۚ فَإِنْ جَاءُوكَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ أَوْ أَعْرِضْ عَنْهُمْ ۖ وَإِنْ تُعْرِضْ عَنْهُمْ فَلَنْ يَضُرُّوكَ شَيْئًا ۖ وَإِنْ حَكَمْتَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ

    Алар жалганга кулак салуучулар, арамды жечүлөр. Эгер алар сага (өкүм сурап) келсе, кааласаң - өкүм кыл, кааласаң - жүз бур. Жүз бурсаң деле, сага эч кандай зыян тийгизе алышпайт. Эгер өкүм кылчу болсоң, алардын арасында (ким болуусуна карабай) адилеттик менен өкүм кыл. Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт.

    5:42
  3. وَكَيْفَ يُحَكِّمُونَكَ وَعِنْدَهُمُ التَّوْرَاةُ فِيهَا حُكْمُ اللَّهِ ثُمَّ يَتَوَلَّوْنَ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ ۚ وَمَا أُولَٰئِكَ بِالْمُؤْمِنِينَ

    Алар эмне үчүн сенден өкүм сурап жатышат?! Аларда Тоорат бар го! Анда Аллахтын өкүмдөрү бар эле го?! Кийин... ушундан кийин деле, тескери карап (өкүмдү аткарбай) кетишет. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес!

    5:43
  4. إِنَّا أَنْزَلْنَا التَّوْرَاةَ فِيهَا هُدًى وَنُورٌ ۚ يَحْكُمُ بِهَا النَّبِيُّونَ الَّذِينَ أَسْلَمُوا لِلَّذِينَ هَادُوا وَالرَّبَّانِيُّونَ وَالْأَحْبَارُ بِمَا اسْتُحْفِظُوا مِنْ كِتَابِ اللَّهِ وَكَانُوا عَلَيْهِ شُهَدَاءَ ۚ فَلَا تَخْشَوُا النَّاسَ وَاخْشَوْنِ وَلَا تَشْتَرُوا بِآيَاتِي ثَمَنًا قَلِيلًا ۚ وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ

    Биз (Муса пайгамбарга) ичинде Нур жана туура жол болгон Тооратты түшүрдүк. Аны менен яхудилерге, Аллахка моюн сунган пайгамбарлар, раббанийлер (элдерди Шарият боюнча тарбиялагандар) жана чоң аалымдар өкүм кылышты. Себеби, Аллахтын китеби аларга аманат коюлган жана алар ал Китепке күбө болуучулар эле. (О, дин жетекчилери!) Адамдардан коркпогула! Менден гана корккула! Менин аяттарымды арзан баага сатып жибербегиле! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар анык каапырлар!

    5:44
  5. وَكَتَبْنَا عَلَيْهِمْ فِيهَا أَنَّ النَّفْسَ بِالنَّفْسِ وَالْعَيْنَ بِالْعَيْنِ وَالْأَنْفَ بِالْأَنْفِ وَالْأُذُنَ بِالْأُذُنِ وَالسِّنَّ بِالسِّنِّ وَالْجُرُوحَ قِصَاصٌ ۚ فَمَنْ تَصَدَّقَ بِهِ فَهُوَ كَفَّارَةٌ لَهُ ۚ وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ

    Биз аларга (яхудилерге) анда (Тооратта): “Жанга-жан, көзгө-көз, мурунга-мурун, кулакка-кулак, тишке-тиш жана (башка) жарааттарга өч (алынат)” деп жазып койдук. Ал эми, кимде-ким өчүн (албай) кечирип жиберсе, бул (жакшылыгы) ал (кылмышкер) үчүн толук актоо болот. Жана кимде-ким Аллах түшүргөн (ушул) нерселер менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык залымдар.

    5:45
  6. وَقَفَّيْنَا عَلَىٰ آثَارِهِمْ بِعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْرَاةِ ۖ وَآتَيْنَاهُ الْإِنْجِيلَ فِيهِ هُدًى وَنُورٌ وَمُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْرَاةِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ

    Биз алардын (өткөн пайгамбарлардын) изи менен, өзүнөн алдыңкы нерсени (Тооратты) тастыктаган Марямдын уулу Исаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу, такыба кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик.

    5:46
  7. وَلْيَحْكُمْ أَهْلُ الْإِنْجِيلِ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فِيهِ ۚ وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

    Эми, Инжил эли анын ичиндеги Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм кылышсын! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!

    5:47
  8. وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ الْكِتَابِ وَمُهَيْمِنًا عَلَيْهِ ۖ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ ۖ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنَ الْحَقِّ ۚ لِكُلٍّ جَعَلْنَا مِنْكُمْ شِرْعَةً وَمِنْهَاجًا ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَٰكِنْ لِيَبْلُوَكُمْ فِي مَا آتَاكُمْ ۖ فَاسْتَبِقُوا الْخَيْرَاتِ ۚ إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

    «(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н баардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин баарыңар үчүн өз алдынча шарият жана жол-жөрөлгөлөрдү кылдык. Эгер Аллах кааласа, баарыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парздарда) силерди сыноо үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен атаандашып жасагыла. Баарыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (ишиңерде) эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдүн кабарын билдирет».

    5:48
  9. وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ ۖ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ ۗ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ

    Алардын (яхудилердин) арасында Аллах түшүргөн нерсе (Куран, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Аллах сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен сени (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллах аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Адамдардын көбү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар.

    5:49
  10. أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ ۚ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

    Алар (сенин өкүмүңө ыраазы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн ким Аллахтан жакшыраак өкүм түзүп бере алат?!

    5:50
  11. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَىٰ أَوْلِيَاءَ ۘ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

    О, ыйман келтиргендер! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал - ошолордон! Албетте, Аллах заалым адамдарды туура жолго баштабайт!

    5:51
  12. فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَىٰ أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ ۚ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ

    Анан сен (о, Мухаммад), жүрөгүндө (эки жүздүүлүк) оорусу бар адамдардын, алар (яхудилер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллах жеңишти же болбосо, Өзү тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүүлөр) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат.

    5:52
  13. وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا أَهَٰؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ ۙ إِنَّهُمْ لَمَعَكُمْ ۚ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فَأَصْبَحُوا خَاسِرِينَ

    Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарына кыжырданып): “Кайра-кайра Аллахтын атына ант ичип: “Биз силер мененбиз”-дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты.

    5:53
  14. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَنْ يَرْتَدَّ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَسَوْفَ يَأْتِي اللَّهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُ أَذِلَّةٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى الْكَافِرِينَ يُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوْمَةَ لَائِمٍ ۚ ذَٰلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

    О, ыйман келтиргендер! Силердин араңардан кимде-ким дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллах аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган, ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллахтын жолунда (мал-жанын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын ушактарынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул – Аллахтын артыкчылыгы, аны каалаган пенделерине берет. Аллах (жакшылык кылууда) Кенен жана Билүүчү.

    5:54
  15. إِنَّمَا وَلِيُّكُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ رَاكِعُونَ

    (О, момундар!) Силердин досуңар - Аллах, Анын пайгамбары жана ыйман келтирген адамдар. Алар моюн сунуп, намазды толук аткарышат жана зекетти беришет.

    5:55
  16. وَمَنْ يَتَوَلَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا فَإِنَّ حِزْبَ اللَّهِ هُمُ الْغَالِبُونَ

    Жана ким Аллахты, анын пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллахтын жамааты гана жеңиүүчү!

    5:56
  17. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَكُمْ هُزُوًا وَلَعِبًا مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَالْكُفَّارَ أَوْلِيَاءَ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    О, ыймандуулар! Силердин диниңерди шылдың кылган каапырларды жана силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, Аллахтан корккула!

    5:57
  18. وَإِذَا نَادَيْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ اتَّخَذُوهَا هُزُوًا وَلَعِبًا ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ

    Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да шылдың кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү.

    5:58
  19. قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ هَلْ تَنْقِمُونَ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلُ وَأَنَّ أَكْثَرَكُمْ فَاسِقُونَ

    Айткын: “О, китеп берилгендер! Бизди болгону, Аллахка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби?!

    5:59
  20. قُلْ هَلْ أُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَٰلِكَ مَثُوبَةً عِنْدَ اللَّهِ ۚ مَنْ لَعَنَهُ اللَّهُ وَغَضِبَ عَلَيْهِ وَجَعَلَ مِنْهُمُ الْقِرَدَةَ وَالْخَنَازِيرَ وَعَبَدَ الطَّاغُوتَ ۚ أُولَٰئِكَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضَلُّ عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ

    Айткын: “Силерге Аллахтын алдында мындан да жаман жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллах каргагандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана тагутка (Аллахтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана туура жолдон катуу адашкандар!

    5:60

Котормо: Шамсуддин Хакимов