Катталуу, бет 118

  1. وَإِذَا نَادَيْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ اتَّخَذُوهَا هُزُوًا وَلَعِبًا ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ

    Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да шылдың кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү.

    5:58
  2. قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ هَلْ تَنْقِمُونَ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلُ وَأَنَّ أَكْثَرَكُمْ فَاسِقُونَ

    Айткын: “О, китеп берилгендер! Бизди болгону, Аллахка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби?!

    5:59
  3. قُلْ هَلْ أُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَٰلِكَ مَثُوبَةً عِنْدَ اللَّهِ ۚ مَنْ لَعَنَهُ اللَّهُ وَغَضِبَ عَلَيْهِ وَجَعَلَ مِنْهُمُ الْقِرَدَةَ وَالْخَنَازِيرَ وَعَبَدَ الطَّاغُوتَ ۚ أُولَٰئِكَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضَلُّ عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ

    Айткын: “Силерге Аллахтын алдында мындан да жаман жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллах каргагандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана тагутка (Аллахтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана туура жолдон катуу адашкандар!

    5:60
  4. وَإِذَا جَاءُوكُمْ قَالُوا آمَنَّا وَقَدْ دَخَلُوا بِالْكُفْرِ وَهُمْ قَدْ خَرَجُوا بِهِ ۚ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا كَانُوا يَكْتُمُونَ

    Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, чынында, алар (силерге) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллах алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү.

    5:61
  5. وَتَرَىٰ كَثِيرًا مِنْهُمْ يُسَارِعُونَ فِي الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Сен алардан (яхудилерден) көпчүлүгүн күнөөгө, залымдыкка жана арамды жегенге биринен бири өтүп чуркаганын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман!

    5:62
  6. لَوْلَا يَنْهَاهُمُ الرَّبَّانِيُّونَ وَالْأَحْبَارُ عَنْ قَوْلِهِمُ الْإِثْمَ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَصْنَعُونَ

    Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арамды жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман!

    5:63
  7. وَقَالَتِ الْيَهُودُ يَدُ اللَّهِ مَغْلُولَةٌ ۚ غُلَّتْ أَيْدِيهِمْ وَلُعِنُوا بِمَا قَالُوا ۘ بَلْ يَدَاهُ مَبْسُوطَتَانِ يُنْفِقُ كَيْفَ يَشَاءُ ۚ وَلَيَزِيدَنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ طُغْيَانًا وَكُفْرًا ۚ وَأَلْقَيْنَا بَيْنَهُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ ۚ كُلَّمَا أَوْقَدُوا نَارًا لِلْحَرْبِ أَطْفَأَهَا اللَّهُ ۚ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا ۚ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ

    Яхудилер “Аллахтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Алар сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргышка калышты. Андай эмес, Анын эки колу тең ачык жана Өзү каалагандай жакшылык кылат. (О, Мухаммад!) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран, ага ишенбегени үчүн) алардын көбүнүн күнөөлөрүн жана каапырлыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душмандык жана жек көрүүнү салып койдук. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллах өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллах бузукуларды сүйбөйт.

    5:64

Котормо: Шамсуддин Хакимов