Сүрө 99 Залзала

  1. إِذَا زُلْزِلَتِ الْأَرْضُ زِلْزَالَهَا

    Жер катуу титирегенде

    99:1
  2. وَأَخْرَجَتِ الْأَرْضُ أَثْقَالَهَا

    жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда…

    99:2
  3. وَقَالَ الْإِنْسَانُ مَا لَهَا

    Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт.

    99:3
  4. يَوْمَئِذٍ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا

    Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт.

    99:4
  5. بِأَنَّ رَبَّكَ أَوْحَىٰ لَهَا

    Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.

    99:5
  6. يَوْمَئِذٍ يَصْدُرُ النَّاسُ أَشْتَاتًا لِيُرَوْا أَعْمَالَهُمْ

    Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет.

    99:6
  7. فَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ

    Жана ким кыпын салмагындай жакшылык кылган болсо – аны көрөт

    99:7
  8. وَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ

    жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт.

    99:8

Котормо: Шамсуддин Хакимов