Сүрө 98 Баййина
-
لَمْ يَكُنِ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ مُنْفَكِّينَ حَتَّىٰ تَأْتِيَهُمُ الْبَيِّنَةُ
Китеп ээлеринен (яхудилер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады.
98:1 -
رَسُولٌ مِنَ اللَّهِ يَتْلُو صُحُفًا مُطَهَّرَةً
(Анык Чындык – ал) таза барактарды (Куранды) окуп берген Аллахтын элчиси.
98:2 -
فِيهَا كُتُبٌ قَيِّمَةٌ
Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар.
98:3 -
وَمَا تَفَرَّقَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ إِلَّا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَةُ
Китеп берилген элдер (яхудилер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти.
98:4 -
وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ وَيُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُؤْتُوا الزَّكَاةَ ۚ وَذَٰلِكَ دِينُ الْقَيِّمَةِ
Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!
98:5 -
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ أُولَٰئِكَ هُمْ شَرُّ الْبَرِيَّةِ
Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!
98:6 -
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَٰئِكَ هُمْ خَيْرُ الْبَرِيَّةِ
Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар – жаратылгандардын эң жакшысы.
98:7 -
جَزَاؤُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ جَنَّاتُ عَدْنٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِيَ رَبَّهُ
Раббисинин алдында алардын сыйлыктары – анда дайым жашоочу бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн!
98:8
Котормо: Шамсуддин Хакимов