Сүрө 93 Зуха

  1. وَالضُّحَىٰ

    Шашке маалына ант!

    93:1
  2. وَاللَّيْلِ إِذَا سَجَىٰ

    Тынч – караңгы түнгө ант!

    93:2
  3. مَا وَدَّعَكَ رَبُّكَ وَمَا قَلَىٰ

    (Оо, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок.

    93:3
  4. وَلَلْآخِرَةُ خَيْرٌ لَكَ مِنَ الْأُولَىٰ

    Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак.

    93:4
  5. وَلَسَوْفَ يُعْطِيكَ رَبُّكَ فَتَرْضَىٰ

    Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң.

    93:5
  6. أَلَمْ يَجِدْكَ يَتِيمًا فَآوَىٰ

    Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?

    93:6
  7. وَوَجَدَكَ ضَالًّا فَهَدَىٰ

    Жана (Аллах) сени адашкан абалда таап, андан кийин Туура Жол көргөздү го!

    93:7
  8. وَوَجَدَكَ عَائِلًا فَأَغْنَىٰ

    Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды.

    93:8
  9. فَأَمَّا الْيَتِيمَ فَلَا تَقْهَرْ

    Эми, сен жетимге каарыңды төкпө.

    93:9
  10. وَأَمَّا السَّائِلَ فَلَا تَنْهَرْ

    Жана сураган адамга орой мамиле кылба.

    93:10
  11. وَأَمَّا بِنِعْمَةِ رَبِّكَ فَحَدِّثْ

    Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө.

    93:11

Котормо: Шамсуддин Хакимов