Сүрө 94 Шарх
-
أَلَمْ نَشْرَحْ لَكَ صَدْرَكَ
(Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?
94:1 -
وَوَضَعْنَا عَنْكَ وِزْرَكَ
Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.
94:2 -
الَّذِي أَنْقَضَ ظَهْرَكَ
Ал сенин желкеңди эзип турган.
94:3 -
وَرَفَعْنَا لَكَ ذِكْرَكَ
Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.
94:4 -
فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا
Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
94:5 -
إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا
Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
94:6 -
فَإِذَا فَرَغْتَ فَانْصَبْ
Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш
94:7 -
وَإِلَىٰ رَبِّكَ فَارْغَبْ
жана Раббиңе гана умтул!
94:8
Котормо: Шамсуддин Хакимов