Сүрө 92 Лайл

  1. وَاللَّيْلِ إِذَا يَغْشَىٰ

    (Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант!

    92:1
  2. وَالنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ

    (Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!

    92:2
  3. وَمَا خَلَقَ الذَّكَرَ وَالْأُنْثَىٰ

    Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!

    92:3
  4. إِنَّ سَعْيَكُمْ لَشَتَّىٰ

    Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.

    92:4
  5. فَأَمَّا مَنْ أَعْطَىٰ وَاتَّقَىٰ

    Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса

    92:5
  6. وَصَدَّقَ بِالْحُسْنَىٰ

    жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса –

    92:6
  7. فَسَنُيَسِّرُهُ لِلْيُسْرَىٰ

    Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.

    92:7
  8. وَأَمَّا مَنْ بَخِلَ وَاسْتَغْنَىٰ

    Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе...

    92:8
  9. وَكَذَّبَ بِالْحُسْنَىٰ

    Жана ыйманды жалган десе...

    92:9
  10. فَسَنُيَسِّرُهُ لِلْعُسْرَىٰ

    Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз.

    92:10
  11. وَمَا يُغْنِي عَنْهُ مَالُهُ إِذَا تَرَدَّىٰ

    (Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!

    92:11
  12. إِنَّ عَلَيْنَا لَلْهُدَىٰ

    Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш.

    92:12
  13. وَإِنَّ لَنَا لَلْآخِرَةَ وَالْأُولَىٰ

    Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.

    92:13
  14. فَأَنْذَرْتُكُمْ نَارًا تَلَظَّىٰ

    Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим.

    92:14
  15. لَا يَصْلَاهَا إِلَّا الْأَشْقَى

    Ал отко шору каткан адам гана кирет.

    92:15
  16. الَّذِي كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

    Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган.

    92:16
  17. وَسَيُجَنَّبُهَا الْأَتْقَى

    Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот.

    92:17
  18. الَّذِي يُؤْتِي مَالَهُ يَتَزَكَّىٰ

    Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.

    92:18
  19. وَمَا لِأَحَدٍ عِنْدَهُ مِنْ نِعْمَةٍ تُجْزَىٰ

    Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок.

    92:19
  20. إِلَّا ابْتِغَاءَ وَجْهِ رَبِّهِ الْأَعْلَىٰ

    (Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат).

    92:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов