Сүрө 78 Наба
-
إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتْ مِرْصَادًا
Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)
78:21 -
لِلطَّاغِينَ مَآبًا
чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!
78:22 -
لَابِثِينَ فِيهَا أَحْقَابًا
Алар анда кылымдар бою турушат.
78:23 -
لَا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرْدًا وَلَا شَرَابًا
Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.
78:24 -
إِلَّا حَمِيمًا وَغَسَّاقًا
Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)
78:25 -
جَزَاءً وِفَاقًا
(Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!
78:26 -
إِنَّهُمْ كَانُوا لَا يَرْجُونَ حِسَابًا
Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.
78:27 -
وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا كِذَّابًا
Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.
78:28 -
وَكُلَّ شَيْءٍ أَحْصَيْنَاهُ كِتَابًا
Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.
78:29 -
فَذُوقُوا فَلَنْ نَزِيدَكُمْ إِلَّا عَذَابًا
Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!
78:30 -
إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ مَفَازًا
Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),
78:31 -
حَدَائِقَ وَأَعْنَابًا
бак-бостондор, жүзүмдүктөр,
78:32 -
وَكَوَاعِبَ أَتْرَابًا
жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,
78:33 -
وَكَأْسًا دِهَاقًا
жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.
78:34 -
لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا كِذَّابًا
Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.
78:35 -
جَزَاءً مِنْ رَبِّكَ عَطَاءً حِسَابًا
(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!
78:36 -
رَبِّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا الرَّحْمَٰنِ ۖ لَا يَمْلِكُونَ مِنْهُ خِطَابًا
(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.
78:37 -
يَوْمَ يَقُومُ الرُّوحُ وَالْمَلَائِكَةُ صَفًّا ۖ لَا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ الرَّحْمَٰنُ وَقَالَ صَوَابًا
Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.
78:38 -
ذَٰلِكَ الْيَوْمُ الْحَقُّ ۖ فَمَنْ شَاءَ اتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِ مَآبًا
Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.
78:39 -
إِنَّا أَنْذَرْنَاكُمْ عَذَابًا قَرِيبًا يَوْمَ يَنْظُرُ الْمَرْءُ مَا قَدَّمَتْ يَدَاهُ وَيَقُولُ الْكَافِرُ يَا لَيْتَنِي كُنْتُ تُرَابًا
Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт.
78:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов