Сүрө 4 Ниса, аят 171
-
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ ۚ إِنَّمَا الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ اللَّهِ وَكَلِمَتُهُ أَلْقَاهَا إِلَىٰ مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِنْهُ ۖ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ۖ وَلَا تَقُولُوا ثَلَاثَةٌ ۚ انْتَهُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ إِنَّمَا اللَّهُ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۖ سُبْحَانَهُ أَنْ يَكُونَ لَهُ وَلَدٌ ۘ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
О, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Иса-Масих, Аллахтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху. Эми, Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллах) үчөө дебегиле. (Бул ишенимден) токтогула – өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллах, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллах жетиштүү.
4:171
Котормо: Шамсуддин Хакимов