Катталуу, бет 105

  1. يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ ۚ إِنَّمَا الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ اللَّهِ وَكَلِمَتُهُ أَلْقَاهَا إِلَىٰ مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِنْهُ ۖ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ۖ وَلَا تَقُولُوا ثَلَاثَةٌ ۚ انْتَهُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ إِنَّمَا اللَّهُ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۖ سُبْحَانَهُ أَنْ يَكُونَ لَهُ وَلَدٌ ۘ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا

    О, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Иса-Масих, Аллахтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху. Эми, Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллах) үчөө дебегиле. (Бул ишенимден) токтогула – өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллах, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллах жетиштүү.

    4:171
  2. لَنْ يَسْتَنْكِفَ الْمَسِيحُ أَنْ يَكُونَ عَبْدًا لِلَّهِ وَلَا الْمَلَائِكَةُ الْمُقَرَّبُونَ ۚ وَمَنْ يَسْتَنْكِفْ عَنْ عِبَادَتِهِ وَيَسْتَكْبِرْ فَسَيَحْشُرُهُمْ إِلَيْهِ جَمِيعًا

    Аллахка кул болуудан Иса дагы, (ал гана эмес) Аллахка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллахка кулчулук (ибадат) кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын баарын (жазалоо үчүн) Аллах Өзүнө чогултат.

    4:172
  3. فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدُهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۖ وَأَمَّا الَّذِينَ اسْتَنْكَفُوا وَاسْتَكْبَرُوا فَيُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا وَلَا يَجِدُونَ لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

    Ал эми, (Аллахка таза) ыйман келтирип, жакшы иштерди (Аллахтын буйруктарын) аткарган адамдарга Аллах соопторун толуктап берет жана Өзүнүн артыкчылыгынан да кошумча кылат. Эми, (баягы) ардангандар менен текеберленгендерди болсо, жан сыздаткан азапка салат. Алар өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.

    4:173
  4. يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ بُرْهَانٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ نُورًا مُبِينًا

    (О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Куранды) түшүрдүк.

    4:174
  5. فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَاعْتَصَمُوا بِهِ فَسَيُدْخِلُهُمْ فِي رَحْمَةٍ مِنْهُ وَفَضْلٍ وَيَهْدِيهِمْ إِلَيْهِ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا

    Ал эми, Аллахка ыйман келтирип, Ага (гана) жалбарган адамдарды Аллах Өз ырайымы жана артыкчылыгынын астына алып, Өзүнө карай туура жолго багыттайт.

    4:175

Котормо: Шамсуддин Хакимов