Сүрө 15 Хижр

  1. وَآتَيْنَاهُمْ آيَاتِنَا فَكَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ

    Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту.

    15:81
  2. وَكَانُوا يَنْحِتُونَ مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا آمِنِينَ

    Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн.

    15:82
  3. فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ

    Анан, аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты).

    15:83
  4. فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

    Жасаган нерселери аларга пайда берген жок!

    15:84
  5. وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ ۗ وَإِنَّ السَّاعَةَ لَآتِيَةٌ ۖ فَاصْفَحِ الصَّفْحَ الْجَمِيلَ

    Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр.

    15:85
  6. إِنَّ رَبَّكَ هُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ

    Албетте, сенин Раббиң - Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү!

    15:86
  7. وَلَقَدْ آتَيْنَاكَ سَبْعًا مِنَ الْمَثَانِي وَالْقُرْآنَ الْعَظِيمَ

    Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Куранды бердик.

    15:87
  8. لَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعْنَا بِهِ أَزْوَاجًا مِنْهُمْ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَاخْفِضْ جَنَاحَكَ لِلْمُؤْمِنِينَ

    Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллахтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын!

    15:88
  9. وَقُلْ إِنِّي أَنَا النَّذِيرُ الْمُبِينُ

    Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн!

    15:89
  10. كَمَا أَنْزَلْنَا عَلَى الْمُقْتَسِمِينَ

    Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк.

    15:90
  11. الَّذِينَ جَعَلُوا الْقُرْآنَ عِضِينَ

    Алар Куранды бөлүктөргө ажыратышты!

    15:91
  12. فَوَرَبِّكَ لَنَسْأَلَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ

    Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз.

    15:92
  13. عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    жасаган иштерине жараша!

    15:93
  14. فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ

    (Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!

    15:94
  15. إِنَّا كَفَيْنَاكَ الْمُسْتَهْزِئِينَ

    Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.

    15:95
  16. الَّذِينَ يَجْعَلُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ ۚ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

    Алар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет.

    15:96
  17. وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ

    Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат.

    15:97
  18. فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُنْ مِنَ السَّاجِدِينَ

    Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол!

    15:98
  19. وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ

    Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!

    15:99

Котормо: Шамсуддин Хакимов