Сүрө 15 Хижр
-
قَالَ هَٰذَا صِرَاطٌ عَلَيَّ مُسْتَقِيمٌ
(Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол.
15:41 -
إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт).
15:42 -
وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ
Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок!
15:43 -
لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَابٍ لِكُلِّ بَابٍ مِنْهُمْ جُزْءٌ مَقْسُومٌ
Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет).
15:44 -
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ
Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде.
15:45 -
ادْخُلُوهَا بِسَلَامٍ آمِنِينَ
(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик).
15:46 -
وَنَزَعْنَا مَا فِي صُدُورِهِمْ مِنْ غِلٍّ إِخْوَانًا عَلَىٰ سُرُرٍ مُتَقَابِلِينَ
Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат).
15:47 -
لَا يَمَسُّهُمْ فِيهَا نَصَبٌ وَمَا هُمْ مِنْهَا بِمُخْرَجِينَ
Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт.
15:48 -
نَبِّئْ عِبَادِي أَنِّي أَنَا الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!
15:49 -
وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ الْعَذَابُ الْأَلِيمُ
Чынында менин азабым - жан ооруткан азап!
15:50 -
وَنَبِّئْهُمْ عَنْ ضَيْفِ إِبْرَاهِيمَ
(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир:
15:51 -
إِذْ دَخَلُوا عَلَيْهِ فَقَالُوا سَلَامًا قَالَ إِنَّا مِنْكُمْ وَجِلُونَ
Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» - деди.
15:52 -
قَالُوا لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَامٍ عَلِيمٍ
«Коркпогун, дешти алар, - биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз».
15:53 -
قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِي عَلَىٰ أَنْ مَسَّنِيَ الْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ
(Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Эмне менен сүйүнчүлөйсүңөр?”
15:54 -
قَالُوا بَشَّرْنَاكَ بِالْحَقِّ فَلَا تَكُنْ مِنَ الْقَانِطِينَ
«Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти.
15:55 -
قَالَ وَمَنْ يَقْنَطُ مِنْ رَحْمَةِ رَبِّهِ إِلَّا الضَّالُّونَ
(Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан залым адамдар гана үмүтсүз болушат.
15:56 -
قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا الْمُرْسَلُونَ
(Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»
15:57 -
قَالُوا إِنَّا أُرْسِلْنَا إِلَىٰ قَوْمٍ مُجْرِمِينَ
Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз.
15:58 -
إِلَّا آلَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمْ أَجْمَعِينَ
Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз.
15:59 -
إِلَّا امْرَأَتَهُ قَدَّرْنَا ۙ إِنَّهَا لَمِنَ الْغَابِرِينَ
Аялынан башкасын. Биз, аны (Аллахтын буйругу менен, азапта) калуучулардан болот деп өкүм кылдык».
15:60
Котормо: Шамсуддин Хакимов