Сүрө 15 Хижр
-
وَإِنْ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا عِنْدَنَا خَزَائِنُهُ وَمَا نُنَزِّلُهُ إِلَّا بِقَدَرٍ مَعْلُومٍ
Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз.
15:21 -
وَأَرْسَلْنَا الرِّيَاحَ لَوَاقِحَ فَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَسْقَيْنَاكُمُوهُ وَمَا أَنْتُمْ لَهُ بِخَازِنِينَ
Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О,инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер.
15:22 -
وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْيِي وَنُمِيتُ وَنَحْنُ الْوَارِثُونَ
Чынында, Биз гана тирилтип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз.
15:23 -
وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَقْدِمِينَ مِنْكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَأْخِرِينَ
Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз.
15:24 -
وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ ۚ إِنَّهُ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
(О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышмаи (жана) Билерман.
15:25 -
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ
Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.
15:26 -
وَالْجَانَّ خَلَقْنَاهُ مِنْ قَبْلُ مِنْ نَارِ السَّمُومِ
Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз.
15:27 -
وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي خَالِقٌ بَشَرًا مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ
(О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын.
15:28 -
فَإِذَا سَوَّيْتُهُ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِنْ رُوحِي فَقَعُوا لَهُ سَاجِدِينَ
Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла» - деди.
15:29 -
فَسَجَدَ الْمَلَائِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ
Бардык периштелер сажда кылышты.
15:30 -
إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ أَنْ يَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ
Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты.
15:31 -
قَالَ يَا إِبْلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ
(Аллах): «0о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди.
15:32 -
قَالَ لَمْ أَكُنْ لِأَسْجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقْتَهُ مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ
«Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди.
15:33 -
قَالَ فَاخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ
(Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың!
15:34 -
وَإِنَّ عَلَيْكَ اللَّعْنَةَ إِلَىٰ يَوْمِ الدِّينِ
Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»
15:35 -
قَالَ رَبِّ فَأَنْظِرْنِي إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ
(Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»
15:36 -
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ الْمُنْظَرِينَ
(Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң
15:37 -
إِلَىٰ يَوْمِ الْوَقْتِ الْمَعْلُومِ
белгилүү убакытка чейин».
15:38 -
قَالَ رَبِّ بِمَا أَغْوَيْتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَلَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ
(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын!
15:39 -
إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ الْمُخْلَصِينَ
Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын.
15:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов